Аз күн мурун катталган Токмоктогу атышуу көп былыктарды ачыкка чыгара турган болуп калды өңдөнөт. Буга чейинки маалыматта күйүүчү майды аткезчилик жолу менен ташыган деп айтылып жаткан Дастан менен Кубан аттуу жарандар аткезчилик менен эми алектене баштаган Бахтияр, Аскат деген адамдарга кысым көрсөткөнү айтылган.
Ушундан улам, алардын ортосунда келишпестик чыгып, натыйжада Аскат аттуу жаран травматикалык тапанчадан денесинин төрт жеринен жараат алган. Интернетке жарыяланган тасмадан жабыркаган адамдын, аркасына жана санына желим ок тийгенин көрүүгө болот. Ал тасмадагы сүйлөшүүлөрдөн “Чемпион” деген каймана аты бар адамдын Дастан аттуу таанышы атканын айтып жатканы угулат. Айрым такталбаган маалыматтарда Кубан Токмок шаардык кеңештин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев болушу мүмкүн. Кочкорбаев болсо Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Урматбек Самаев менен жакын мамиледе экени белгилүү. Тар чөйрөдө депутат Самаев “чемпион” деген каймана ат менен маалым. Ал бул чулгандуу иш боюнча суралып да чыкты. Мына ушундай чырлуу чатактарда депутаттын аты аталып жатканы жакшы эмес ойлорго жетелейт. 32 жаштагы Самаев ЖКда “балык” депутаттардын бири. 2012-жылы Каракол шаарындагы Юридикалык академияны бүтүрүп, 2006-2007-жылдары Каракол шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинде бокс боюнча машыктыруучу болуп иштеген. 2012-2015-жылдары Токмок шаардык кеңешине депутат болуп турган. Учурда Көкбөрү федерациясынын вице-президенти. Өткөн аптада эле Улуттук ат оюндары боюнча «Аргымак» федерациясынын президенти болуп шайланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ