Ош-Бишкек жолунда айдоочу өзүнүн жүк ташуучу Merscedes Sprinter унаасынын алдында кыпчылып калып каза болду.
Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 14- октябрь күнү Ала-Бел ашуусунда болгон.
“Жолду туман каптап турган, ошол учурда жол жээгинде унаасы бузулуп жаткан айдоочуну көрүп ага жардам берүү максатында токтоп, өз унаасынын дөңгөлөгүнө таш коюп жатканда унаасы жылып кетип 30 метрдей сүйрөп кеткен. Жаракат алган айдоочу Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген соң каза болуп калган”- деп билдирди басма сөз кызматы.
Булак: Kyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ