Бишкектин Биринчи май райондук соту П .О. атуу жаранды бала тарбиялоо милдеттерин жеткиликтүү аткарбагандыгы үчүн күнөлүү деп тапты.
Соттун чечиминде дарыгерлер 8 жашар кыздын денесинде шишиктер бар экенин айтып, ден соолугуна жеңил зыян келтирилгени жазылган.
Соттук отурумда аял күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ал жолдошу менен ажырашып, кызын колунан келишинче бакканын, бирок ага карабастан жолдошу аны алып кетип калганын билдирген.
Айыпталуучунун мурунку жолдошу жубайы бала төрөлгөндөн тарта эле ага начар мамиле кылганын айтып берген. Ажырашуудан кийин бала таарынчаак жана сезимтал болуп калганын байкаган.
Үйдө орнотулган видокөзөмөл жазуууларында бала такай ур-токмокко алынганы билинген. Мындай тарбия берүү туура эместиги жөнүндө сүйлөшүүлөр жардам берген эмес.
Натыйжасында аял 5 миң сом айыппул төлөөгө соттолду.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ