Соль-Илецкиден келген эне менен баладан коронавирус табылып республикалык инфекциялык ооруканасына жаткырылган. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Алардын айтымы боюнча, 11-майда “Семетей” обсервациясынан тез жардам унаасы менен шаардык балдар клиникалык ооруканасына курч энтероколит (орточо оор даражада) диагнозу менен кичинекей бала жеткирилген. Бала энеси менен өзүнчө бокско жаткырылып, өзүнчө кирип, чыгуусу каралган (баланын атасынан оң жыйынтыкты эске алып).
Кечээ, 13-майда эне бала республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына которулган.
“Бардык коопсуздук чаралары сакталган, бейтапка жардам көрсөткөн медициналык персоналдар (дарыгер, 2 медайым), жеке коргонуу каражаттары менен иштеген. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери дезинфекциялоо иштери жүргүзүштү” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 7-майда 541 жаран Соль-Илецкиден келишкен. Адегенде алардын ичинен 55инен коронавирус табылган, андан кийин дагы үч адамдан аныкталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ