Мындай оюн өкмөт мүчөсү Жеңиш Разаков 21-январда журналисттерге билдирди.
Аткаминер өз дарегине айтылган айыптарды жалган санады.
“Менин дарегиме айтылган бардык айыптар – карандай калп. УКМКнын текшерүү жыйынтыгы турат, анда менин Тажикстандын атайын кызматтарына эч кандай тиешем жок экени келтирилген. Мага каршы ки макция уюштурганын жакшы билем, биргок ысымын атабай эле коеюн. Бишкекте митинг акчага уюштурулган”, -деди ал.
Ж.Разаков керек болсо өзүн колдогондорду митингге алып чыга ала тургандыгын кошумчалады.
“Мен Баткендеги ар бир айылды, алардын бардык көйгөйлөрүн билем. Бирок туугандарыбызды митингге алып чыгуу менен маселени чече албайбыз”, – деди ал.
Эскерте кетсек, 15-январда Бишкекте Баткендин элин колдогон митинг өткөн. Анда акциянын катышуучулары Жеңиш Разаковдун кызматынан кетишин талап кылышкан эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ