Menu

Дагы бир депутат ызы-чуулуу иликтөөнүн каарманы болобу?

Бөлүшүү:

Эртели-кечпи, кимдир-бирөө Жогорку Кеңештин кылмышка айыпталган, жазадан качып кеткен, кылган кылмышы үчүн түрмөдө олтурган депутаттары деген энциклопедия жазып калышы ажеп эмес.

Анткени, тилекке каршы, кээ бир депутаттар мыйзам – ийилчээк нерсе катары санап, аны өздөрү каалагандай ийип жүрө берем дешет окшобойбу. А мыйзам менен бирге аткаруу бийлигиндеги бардык аткаруучу жана көзөмөлдөөчү системаларды өзүнө каратып алууга умтулушат.

Бүгүнкү сөз, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу жөнүндө. Ал чындап эле чуулгандуу иликтөөнүн каарманы болуп калышы мүмкүн.

Жаш депутат жөнүндө маалымат учкай эле.

38 жашта, 1981-жылы 18-сентябрда Нарын шаарында туулган. 2003-жылы КМУУнун финансы жана кредит адистиги боюнча экономикалык факультетин аяктаган.

Алтынбек мырза жогорку билимдүү болору менен “Кыргызресурс” мамишканасынын директорунун жардамчысы болуп дайындалган. Анан үч жыл бою “Балыкчы-Транс” ЖЧКсынын башкы директору болуп эмгектенген. Кийинки беш жылда “RegoM” ЖЧКсынын ээси жана башкы директору болгон. 2015-жылы “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат болуп олтурат. Депутат катары ал өзүн эс-акылдуу экенин көрсөтө алды.

Маанилүү маселелерди көтөрүп, аткаминерлерди чапчаң сындап, өкмөткө ультиматум койгонго чейин барып жүрдү. Бирок депутат болуп туруп, бир дагы мыйзам долбоорун сунуш кылган эмес, олуттуу деле маселени чечкен эмес. Айтор, жаш, чапчаң, бирок эч жыйынтык бербеген депутат. Ал өзү транспорт, коммуникация , архитектура жана курулуш комитетинде мүчө. Кантсе да,  “RegoM” курулуш компаниясында иштеген да. Сөз төркүнү дал ушул компания жөнүндө.

Депутат Президенттин атына кайрылуу жазган экен. Көрсө, парламентарий менен “Андаш Майнинг Компани” орусиялык инвестор компаниянын ортосунда тирешкен абал түзүлгөн.

Кайрылуунун маңызы мындай. 2010-жылы Алтынбек Жунус уулу курулуш менен иштеген “RegoM” ЖЧКсын уюштурган. Депутат болгондо, компанияны туугандарына каттайт – ээси Дастан Жумадилович Аманалиев болуп, директору болуп Таалайбек Тыныбекович Шамырканов дайындалат.

Кызыктуу деле эч нерсе жоктой, бардык эле депутаттар бизнесин туугандарына, досторуна жаздырышкан. Бирок кожоюн бойдон кала беришкен.

Алтынбек мырза депутат боло электе эле “Андаш Майнинг Компании” ЖЧКсынан “RegoM”  үчүн 460 миң долларлык Коматцу D375A бульдозерин алган. Бул 2015-жылы болуп жатат. Анда “Андаш Майнинг Компани” ЖЧКсынын директору Малик Малабаев деген болгон. Учурунда бу жигит айыл-чарба министрлигинде агрардык саясат башкы башкармалыгынын башчысы болгон. Бирок Малабаевдин ишинде бардыгы оюндагыдай болбой калат.

Эки жылдан кийин анын ордуна башка директор келет, ал дароо компанияга аудит жүргүзүп, көптөгөн мыйзам бузууларды таап чыгат. Анын арасында “RegoM” ЖЧКсы менен болгон келишим да бар. Малабаев негедир эки жыл бою өзү каалагандай техниканын ижарасы үчүн баа кое берген, бирок келишимде так сумма көрсөтүлгөн.

Малабаев менен Алтынбек Жунус уулунун ортосунда кандай мамиле бар экенин ким билсин, бирок “Андаш Майнинг” ЖЧКсына олтуттуу зыян келтирилген.

Биринчиден, техника. Абдан кымбат бульдозер жарактан чыгып, абалы таптакыр болбой калган. Сүрөттөн карасаңыз, атайын үстүнө өгүздөй таштарды ыргытып тургандай . Эскерте кетели, баасы – 460 миң доллар. Анан уялбай туруп бульдозердин ремонтуна “Андаш Майнингден” акча алынып турган.

Экинчиси – ижара акысы. “RegoM” техниканы ремонт кылбайт, жаңысын сатып бергиси келбейт, анан албетте, ижара акысын төлөбөйт.

Баса, “Андаш Майнинг” – “RegoM” карыз болгон жалгыз компания эмес. 2018-жылы алар өздөрүн банкрот эсептегенге чейин аракет кылышкан, ошондо карызын төлөшмөк эмес – “РСК банкка” кредит карыз, эки айыл өкмөтүнө жана салыкчыларга карыз экен. Соттук документтерге ылайык, карызы 90 млн сомду чапчып кеткен.

Сот карыз төлөгөнгө мүмкүнчүлүк бар катары санап, банкрот саноодон баш тарткан. Депутат Алтынбек Жунус уулу менен “RegoM” дале орус инвесторуна карызын бербей келет.

“Андаш Майнинг Компани” компаниясынын кымбат баалуу жабдыгын биздин депутат Бишкек ЖЭБине көмүр алып келген таш көмүр кенинен талкалаган. Кандайча депутаттын ЖЧКсы көмүр кенине барып калганы өзүнчө макалага арзыйт.

Кызыгы, депутатты ким калкалап келет? “Андаш Майнинг Компани” ЖЧКсынын өкүлдөрү Финполго, УКМКга, президентке, фракция лидери Бакыт Төрөбаевге, бардыгына кайрылышкан, бирок иш козголбой, карыз компания текшерилбей, кээде көрбөдүм-укпадым болуп коюшкан.

TUZ.KG редакциясы бул ишти илктөөнү уланта бермекчи,эмкиде кээ бир кызыктай жагдайларга токтолмокчубуз. Ал эми депутат мырза орус инвестору менен эсептешип алса, өзүнө гана жакшы болот беле. Бизде тиешелүү документтер бар, бирок бизге каршы коркутуулар жана башка аракеттер болорун да эскертишкен. Ошондуктан бул материалды Башкы прокуратурага, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызматка, УКМКга, ЖК спикерине, фракция лидери Бакыт Төрөбаевге, Президентке жазылган расмий кайрылуу катары кабыл алсаңыздар болот.

Кыргызчылаган KyrgyzToday.kg

Булак: TUZ.KG

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: