Жалал-Абад шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүү болду. Шаар мэринин коммуналдык маселелер боюнча орун басары болуп Байтиков Бакытбек Паязбекович дайындалды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Б. Байтиков жогорку билимдүү кадр, Жалал-Абад мамлкеттик университетин аяктаган, адистиги экономист-менеджер. Ал адегенде эмгек жолун шаардагы ишканаларда баштап, кийин “Кыргызстан” коммерциялык банкында, “Жалал-Абад бытцентр” ЖЧКсында, “Мунайзат” жабык акционердик коомунда, “Восток Нефть” ЖЧКсында, “Петровектор Азия” ЖЧКсында менеджер, жетекчи кызматтарды аркалаган. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
Буга чейин шаар мэринин коммуналдык маслелер боюнча орун басары болуп Урматбек Маматов иштеп келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ