Карып калган кишини сабап өлтүргөн киши колго түшкөнүн 6-декабрда Чүй ОИИБсинин басма сөз кызматы билдирди.
30-ноябрда Аламүдүн районунун күзөт бөлүмүнө Озерное айлынындагы үйдөн улгайган аялдын жансыз денеси табылганын билдиришкен. Ыкчам топ барганда, 80 жаштагы С.Р. экенин аныкташкан. Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча киргизилген. Сары изине чөп салып олтуруп, күнү кечээ милиция кызматкерлери өлгөн кемпирдин кызы жашап жүргөн 38 жаштагы эркектанааны колго түшүрүшкөн.
Тергөөнүн алгачкы амалдарында күйөө баласы кайын энеси менен уруша кетип, өлгөнчө сабаганы билинди. Тергөө амалдары улантылууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ