Menu

Жогорку сотко караштуу Сот департаменти ротация кылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти Жала-Абад, Ысык-Көл, Чүй жана Ош облусттук башкармалыктарынын башчыларынын ордун которуштуруп, ротация кылды.

Ага ылайык, Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы А.Таштемиров Ысык-Көл облусуна которулуп, анын ордуна Чүй облусттук башкармалыктын башчысы К.Капалов дайындалды. Ал эми Чүй облусттук башкармалыктын башчысынын ордуна Сот департаментинин Ош облустук башкармалыктын башчысы А.Сулайманов которулду. Ысык-Көл областтык башкармалыктын башчысы З.Турсуниязов Ош облустук башкармалыктын башчысы болуп дайындалды.

Мындай буйрукка Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Р.Ибраимов кол койду. Ротация Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдө иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү максатында жүргүзүлдү. Ротация болгон жетекчилер 2016-жылдын 2-ноябрында жеринде тааныштырылат.

Эскерте кетсек, буга чейин Сот департаментинин Талас жана Нарын облустарындагы башкармалыктарынын башчылары ротация болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: