Menu

“Вице-депутаттын” жоругу күйгүзөт да…

Бөлүшүү:

Иштей албай, эт эмес же чел эмес ортозаар экенин айгинелеп, жоопкерчиликтен качып Улуттук банктын төрагасы болуп кеткен Толкунбек Абдыгуловдун ордуна Санжар Муканбетов вице премьер министр бо­луп келди. Ошондо Исаковдун төрт орун басары бар. Акыркы кезде вице премьер министрлер тебетей алмашкандай эле алмашып, элдин башы айланып калды. Бул маселени эл өкүлдөрү дагы Санжар мырзаны шайлап жатканда белгилешти. Ырасында экономиканы көзөмөлдөгөн бир вице, социалдык тармакты жетектеген бир вице болсо жетмек. Акчагада эконом болмок. Төрт вице ашыкча. Бирок Өкмөттө иш көп экен, төртөө болбосо болбойт деген биринчи-вицепремьерминистр Аскар Шадиев Жогорку Кеңеште аябай акылдуусунган. Бу эргул депутаттык мандатын дагы сактап калган. Муканбетов вице болуп шайлангандан кийин иш көп, жетишпей жатабыз деген Шадиев Жогорку Кеңештеги кабинетине барып компьютерден оюн ойноп жатканын көргөндөр жерге түкүрүштү. Мына «вице-депутаттын» таз кейпи? Анан кантип оңолобуз?..

Булак: Фабула

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: