Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөгөндөн башка жолу жоктугун Кытай Эл Республикасынын элчиси Сяо Цинхуа айтып чыкты. Ал өз сөзүндө: «Кытайдын насыялары жеңилдетилген түрдө берилет. Кыргызстан анын пайдасын жакшы эле көргөнүн баарыбыз билебиз. Насыяны кайтаруу келишимдин негизинде болот. Кытай тарапта башка шарт жок» – деп кескин билдирүү жасады. Ошондой эле, Кытай карыз бергенин жана ал каражаттын кандай пайдаланылганы Кыргызстандын ички маселеси экенин дагы кошумчалап, ТЭЦтеги ызы-чууңарга тиешебиз жок дегенди кыйытты. Каржы министрлигинин маалыматында Кытайдын «Экспорттук-импорттук банкына» Кыргызстан 1 млрд. 711 млн. доллар карыз. Бул сумма жалпы сырткы карыздын 41,3 пайызын түзөт.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ