Кара-Көл шаарында аялын бычактады деп шектелген адам кармалды. Маалыматты шаардык прокуратура тастыктады.
Маалыматка ылайык, 5-сентябрда саат 16:20 чамасында Жазы-Кечүү айылынын тургуну тез жардам станциясына кайрылып, ал аялын бычактап салганын айткан.
Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, анын натыйжасында 1974-жылы туулган эркек киши алкоголдук мас абалында аялына бычак сайгандыгы аныкталган. Жубайлардын ортосунда кайым айтышуу болуп, анын учурунда күйөөсү очоктун жанында илинип турган бычакты алып, аялынын курсагына сайган.
Аял реанимацияга жеткирилген. Ал милицияга арыз менен кайрылган. Мындан тышкары, анын апасынан билдирүү келип түшкөн.
Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Таш-Көмүр шаардык соту ал адамды 2 айга камакка алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ