Акыркы учурларда Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековго асылып, сындагандар көбөйүп жаткандай. Сындагандардын пикирине ишенсек, Дастан мырза төрага катары иш алып барганына 1 жылдан ашса дагы, такшала албай атыптыр. Жыйынды алып барууда мүчүлүштүк кетирип, Жогорку Кеңештин жүзүнө көлөкө түшүрүп атыптыр. Сынчылардын пикирине караганда, төрага деген зымга тизгендей кынтыксыз алып барышы керек экен. Эми зымга тизгендей кантип болсун? Иш жүргөн жерде кемчилик болот да. Бир жыл мурунку Жумабековго караганда, азыркы Жумабеков алда канча такшалды. Жаңы келгенде эмоциясын жашыра албай, депутаттар менен кайым айтышып кетчи эле, азыр бир аз токтолуп калды. Бирок, болбой эле Кенжебек Бокоев сыяктуулар менен айтышып кетип атканын эске албаганда, калганы түзүк. Эми төрага болгонуна 1 жыл болгондо эле баарын үйрөнүш керек дегенден алыс болсок. Төрага катары такшалганча дагы 3-4 жыл керектелет, урматтуу туугандар. Дастан мырзаны такшалган, чыгаан төрага кылабыз десек кийинки чакырылышта дагы спикер кылышыбыз керек…
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ