Menu

КР ТИМ Башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Женева шаарындагы бөлүмүнүн Башкы директору менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Женева шаарындагы бөлүмүнүн Башкы директору Татьяна Валовая менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Ч.Айдарбеков Т.Валоваяны жаңы кызматы менен куттуктап, БУУнун жана анын Женевадагы бөлүмүнүн  учурдагы күн тартибинин алкагындагы кызматташуунун бир катар актуалдуу багыттарын  талкуулады.

Министр Кыргызстан дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган түрдүү демилгелерди көтөрүү менен, ар дайым эл аралык турмуштун жоопкерчиликтүү жана жигердүү катышуучусу болуп келгендигин өзгөчө белгиледи. Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу маселесине артыкчылыктуу маани берээри баса белгиленди, ал максаттар БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн күн тартибинде негизги болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, Министр Ч.Айдарбеков Кыргызстандын Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын илгерилетүүдө өз-ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле  дүйнөлүк коомчулуктун коопсуздуктун учурдагы чакырыктарын чечүүсүнө кызыкдар экендигин баса белгидеди.

Тараптар Кыргызстандын БУУнун Женевадагы бөлүмү менен, тактап айтканда Адам укуктары боюнча кеңештин жана куралсыздандыруу боюнча БУУнун конференциясынын линиясы боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн келечегин талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: