Бүгүн, 19-декабрдын кечинде Бишкектин Октябрь райондук сотунун сот аткаруучулары “Grexton Capital LTD” компаниясынын өкүлү Елена Дзимидовичтин арызы боюнча соттун чечими менен НТС телеканалынын мүлкүн камакка алуу үчүн келишти.
“Grexton Capital LTD” компаниясынын өкүлү Елена Дзимидович НТС телеканалы 2010-жылдын 7-апрелине чейин биздин менчик болучу, революциядан кийин мыйзамсыз Өмүрбек Бабанов ээлеп алды таризинде Бишкектин райондор аралык сотуна арыз жазган экен. Сот Дзимидовичтин арызын канааттандырып, телеканалды “Grexton Capital LTD” компаниясына өткөрүп берүү тууралу чечим чыгарып берген имиш.
Буга чейин НТС телеканалы 2010-жылга чейин Максим Бакиевге тиешелүү компанияга таандык болгондугу айтылып келген. Демек азыркы бийлик Максим Бакиевдин өкүлдөрүнүн арызын жаздырып алып, ошону канаатандырып жатышабы?
https://www.facebook.com/nextvkyrgyzstan/videos/544520585915653/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ