Menu

Сапар Исаков Нарын мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугуп баарлашты

Бөлүшүү:

Сапар Исаков Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бүгүн, 19-сентябрда, Нарын мамлекеттик университетинин  ишмердүүлүгү менен таанышып, мугалимдер жамааты жана студенттен менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Студенттер менен болгон жолугушууда «Таза Коом» «Жаңы доорго 40 кадам» программалары тааныштырылды.

Премьер-министр Сапар Исаков студентерге жаңы Өкмөттүн программасында билим берүү тармагын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулганын  баса белгилеп, жаштарды дайыма коомдун агымында жаңыланууга карай умтулууга чакырды.

«Билим алууда дайыма изденүү жолунда жүргөн жакшы. Азыркы тапта жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө жакшы шарттар түзүлгөн. Буларды өздөштүрүү менен катар, жаштар арасындагы жумушсуздук, санариптик билим берүүгө өтүү, ЖОЖ системасын оңдоо сыяктуу маселелерди  биргеликте чечишибиз керек»,-деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчысы менен студенттердин баарлашуусу эки сааттан ашыкка созулуп, анда санарип, билим берүү жана аны реформалоо, тышкы саясат, кыргыз тилинин келечеги, интернеттин пайдасы жана зыяны, сыртта окуган кыргыз студенттерине колдоо көрсөтүү, жаштар саясаты маселеси, энергетиканын тагдыры, жумушсуздук жана башка ушул сыяктуу суроолор козголуп, ар бирине Өкмөт башчы кенен жооп берди.

Мындан сырткары жаштар коомчулукта кеңири талкуу жараткан «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы тууралуу да сөз болду. Премьер-министр Кыргызстан келишимди бир тараптуу бузгандыгы үчүн зыян тарткан жоктугун жана компаниянын кепилдик төлөм катары берген 1 млн. 147 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаты Кыргызстанда калганын кошумчалады.

Мындан тсырткары Өкмөт башчы жаштарга спорт жана сергек жашоо образы тууралуу кеңешин берип, аларды мамлекетке, мекенге кызмат кылууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: