Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-март күнү билдирди.
Алардын айтымында, милицияга К.Б. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 19-ноябрдан 20-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар дүкөндүн эшигин сындырып, кассадан 50 миң сом уурдап, ал жактагы терминалды дагы талкалап кеткенин айткан.
Аталган факт катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында уруулукка шектүү катары Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылынын 1996-жылы туулган Б.у.Э. аттуу тургуну кармалган.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ