«Бирболчу», Конституцияны өзгөртүүгө караманча каршы чыгып келаткан саналуу депутаттардын бири Чолпон Жакупова эгер Башмыйзам өзгөртүлсө мандатын тапшырууга даяр экенин айтып чыкты. Ал жаңы долбоор парламентти алсыратып, премьер менен президенттин ыйгарым укуктарын күчөтөт деп эсептейт. Жана мыйзам демилгечилерин элдин ишенчээктигинен пайдаланбай, өзгөртүүлөр тууралуу ачык айтууга чакырат.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ