2018-жылдын апрель айынан тартып МУКК Коррупцияга каршы кызматы (ККК) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен биргеликте Мамлекеттик тарых музейин калыбына келтирүүдө, тиешелүү каражаттарды алып келүүдө бюджеттик каражаттарды туура эмес жана максатсыз пайдалануу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
2015-жылы КР Премьер-министринин буйругу менен Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоону Түркия Республикасынан берилүүчү жардамдын эсебинен кылынсын делген тапшырма берилген. Келишим боюнча Түркия тарап гранттык каражат катары 15 млн АКШ доллар каражатты 3 жыл ичинде бөлүп берүүсү каралган. Жогоруда аталган гранттык каражаттардын 4 млн АКШ доллардан ашыгы Музейдин тегерек-четин жана ага жанаша аймактарын көрктөндүрүү менен фасаддык бөлүгүн оңдоо иштерине сарпталган.
Бирок гранттык каражаттарды күтпөстөн, КР Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджетинен музейдин курулушун бүткөрүү үчүн каражат издеп табуу боюнча бир нече чечим кабыл алынган.
Музейдин ички бөлүгүн реконструкциялоо жана тийиштүү жабдууларды сатып алуу үчүн Турак-жай жана жарандык курулуш Департаментине жалпысынан мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 569 млн. 477 миң сом бөлүнүп берилген.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча материалдарга юридикалык баа берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ