Menu

Алмазбек Ногойбаев миллиондордун сырын качан ачат?

Бөлүшүү:

Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасы өлкө экономикасынын локомотиви болушу керек болчу. Тескерисинче, өлкөнүн экономикасын тартып кетмек турсун, өзүнүн абалын түзүктөп оңдой албай жатат. Андагы коррупциялык иштер айтылып да, жазылып да жүрсө, жетекчиси Алмазбек Ногойбаев ордунан козголчудай түрү болбоду. Парламенттен депутаттар темир жол ишканасынын иштегенине нааразы болуп жатса дагы Ногойбаев, колуңардан келгенин кылып алгыла деп олтурганына караганда, бул кишинин колдоочусу күчтүү окшойт сыягы. Башка маселени айтпай эле коёлу, Кыргыз темир жолу ишканасы өткөн жылы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан акча алып, ага 12-132 маркасындагы жүк ташуучу 150 вагон сатып ала турган болгон. Ал үчүн тендер өткөрүлүп, жеңүүчү делип казактардын “ЗИКСТО” деген компаниясы табылган. Бул компания бир вагонду 42 477 доллардан алып келип берүүнү сунуш кылган. Аталган маркадагы вагон орустардын вагон чыгарган заводунда мындан 10 миң долларга арзан турарын жарандык коом айтып чыгып, темир жолдун жетекчилиги баш болуп коррупцияга аралаш деп күнөөлөгөн. Бул тема Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде депутат Бакыт Жетигенов жасаган докладда да айтылган. 150 вагондун ар биринен 10 миң доллардан сол чөнтөккө салганда, 1 млн 500 миң доллар кимдин чөнтөгүнө кетти, урматтуу Алмазбек мырза. Бир эле тендерден бир жарым млн долларды сол чөнтөккө уруп коюп олтура берсе кыргыз темир жолу оңолмок беле? “ЗИКСТО” компаниясы 150 вагондун алгачкы партиясын алып келе баштады. Азыр 50 вагонго жакыны келген. Бирок, тендерге катышып, “ЗИКСТО” компаниясынан төмөн бааны берген кытайлык компания негедир жеңүүчү аталган эмес. Ушул эле кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы болгонун айгинелебейби? Ногойбаев бул тууралуу неге үн ката албайт? Же сырды ачып алам деп шектенип жатабы? Тендерден утулуп калган экинчи компания Кыргыз темир жол ишканасы менен соттошуп жаткан учуру. Эгер алар соттон утуп алса, Ногойбаевдин абалы кандай болот? Алынып келинген вагондордун тагдыры, корогон чыгымга жетекчи керт башы менен жооп береби?

Булак: Жаңы Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: