Menu

Азербайжан Карабактагы согушта каза болгон аскерлеринин санын жарыялады

Бөлүшүү:

Азербайжан Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышуу учурунда каза болгон аскерлеринин санын жарыялады. Азербайжандын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 44 күнгө созулган согуш учурунда бул өлкөнүн 2783 аскери жана офицери набыт болгон.

Министрлик акыркы кагылышууну «Ата Мекендик согуш» деп сыпаттап, 103 аскердин сөөгү ДНК-анализдин жардамы менен аныкталып жатканын кабарлады. Ошондой эле 100дөн ашык жоокер дайынсыз жоголгону жана 1245 аскер жарадар болгону аныкталды.

Бир күн мурун Армениянын бийлиги кагылышуу учурунда 2718 аскердин сөөгүн медициналык кызматкерлер карап чыкканын, анын ичинде азербайжандыктар болушу мүмкүн экенин билдирген.

Бирок Азербайжан бул сан абдан азайтылып берилди деген позицияда турат. Буга Армениянын саламаттык сактоо министри Арсен Торосян жооп кайтарып, бул акыркы сан эмес экенин, учурда набыт болгондордун сөөгүн издөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Ал ортодо Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин кеңсеси Шуша шаарын алган 8-ноябрды жеңиш күн катары жарыяларын маалымдаган.

Ага чейин 10-ноябрды жеңиш күнү катары белгилөө сунушталган. Бирок бул күн Азербайжандын эң жакын өнөктөшү Түркияда Ататүрктү эскерүү күнүнө дал келгендиктен ал идеядан баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: