Menu

Тилек Токтогазиев, айыл чарба боюнча эксперт: “Айыл чарбабызда чоң башаламандыктар өткөн жылдагыдай эле кайталанат”

Бөлүшүү:

– Тилек мырза, айтсаң, айыл чарба министри шайлануу учурунда ишбилги, жаш кадр катары көпчүлүк сенин талапкерлигиңди колдошту эле. Бирок азыркы министр Эркинбек Чодуев шайланды. Артынан ар кандай ызы-чуулуу сөздөр айтылууда. Бул кишинин алып барып жаткан ишине, айтылган ызы-чууларга кандай комментарий бересиң?

– Министрликтин ичинен эле ага каршы адамдар былыктарын чубап аткандай. Документтер менен ар кандай махинациялар жүргөнү ачыкка чыгууда. “Ал киши эч нерсе жасай албайт, айыл чарба министрлигинде эч нерсе өзгөрүлбөйт” деп башында эле айткам. Анткени беш жыл бою ал киши министрдин орун басары болуп жүргөндө эч нерсе кылбаган, эми кандай жаңы иштерди баштамак эле? Чодуев шайланып жатканда журналисттер «реформа жасайсызбы?» дегенде, «50% реформа жасайм» деген жооп узатты. Эч качан 50% реформа жасалбайт. Реформа жасалат, же таптакыр жасалбайт. Менин оюмча премьер-министр аны жактоодо. Чодуевдин талапкерлигин колдоп берип, өз талаптарын да коюшту. Андыктан өкмөт өзү бул министрдин уят болуп калышын каалабайт. Бирок мен бир дагы «жылт» эткен реформаларды көрө алган жокмун. Мисалы, бул жылы картошка боюнча көйгөйдү алды ала турган иштер дале жок. Өткөн жылдагы эле көйгөйлөр кайталанчудай болуп турат. Жөн гана ар ким уюштурган көргөзмөлөргө катышып коюп, мурдагы эле жол менен кетүүдө.

– Жакынкы аралыкта суу чарбачылыгы министрликтен өзүнчө бөлүнүп кеткенин да угуп калдык…

– Июль айынын этегинде министрликтен суу чарбачылыгы боюнча департаментти өзүнчө бөлүп, мамлекеттик агенттик кылып коюшту. Мындайча айтканда, министрликтин күчтүү бөлүгү кесилип калды. Анткени суу чарбачылыгында төрт миңден ашык адам иштечү. Анын көбүн кыскартып, өзүнчө бөлүп коюшту.

Менин жеке оюм боюнча, суу чарбачылыгында ар кандай коррупциялык схемаларды жасаганга механизмдер бар. Учурда министрликтин айланасында ызы-чуулар болуп жаткандыктан, өкмөт атайын министрликтин эң маанилүү бөлүгүн бөлүп, «эми жайыла бергиле» дегендей түр көрсөтүп койду. Бирок, тилекке каршы, суу чарбачылыгы министрликке баш ийбегенден кийин айыл чарбаны башкарыш оор болуп калат. Себеби, ал агенттик менен өзүнчө сүйлөшүп, өзүнчө иш алып барыш керек болот. Азыркы убакта көп айдоо жерлерде кургакчылык өкүм сүрүп, сууларыбыз Казакстан, Өзбекстанга өтүп кетүүдө. Капуста менен иштеген дыйкандар менен сүйлөшсөк, «бизге суу кереги жок убакта ашып-ташып келип жаткан. Суу керек убакта кургакчылык болуп калды» дешүүдө. Алдыда күз келе жатат. Мындан да чоң башаламандыктар айыл чарбабызда өткөн жылдагыдай эле күтүлүп турганы маалым болуп калды…

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: