Бир нече күндөн бери Америка Кошмо Штаттарындагы нааразычылык акциялары тополоң жана зордук-зомбулук менен коштолууда. Массалык башалмандык 25-майда Миннесота штатында афроамерикалык Жорж Флой полициянын колунан каза болгондон кийин башталган. 75тен ашуун шаарда полиция унаалары өрттөлүп, каракчылар дүкөндөрдү тонолууда.
Полиция кызматкерлери башаламандыктын катышуучуларына каршы көздөн жаш агызчу газ жана желим окторду колдоно баштаган.
Полиция эч кимди аяган жок. Алар жөнөкөй жаранды жерге кулата түртүп, анын кулагынан кан агып жатса да, жардам бербей түз басып өтүп кеткен видеосун дүйнөлүк басылмалар жарыялап жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ