Menu

Кара-Суу районунда жол кырсыгынын кесепетинен эки жигит каза болуп, дагы үчөө жаракат алышты

Бөлүшүү:

Ош облусунун Кара-Суу районунда кырсыктын кесепетинен эки жигит каза болуп, дагы үчөө жаракат алышты. Бул маалымат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкталды.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-сентябрь күнү саат 01: 30да Кызыл-Кыштак айылында Осмонов көчөсүндө “Daewoo Nexia” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калган. Натыйжада унаа жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Айдоочу Ноокат районунун тургуну 1995-жылы туулган жаран болгон.

Натыйжада жүргүнчүлөр М.А. жана 1995-жылы туулган Х.уулу Х., ооруканага жетпей каза болушкан.

Айдоочу жана дагы эки жүргүнчү оор жаракат алышкан. Алар Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Кырсыктын бардык катышуучулары Ноокат районунан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: