Menu

Райимберди Дүйшөмбиев КР Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысы, генерал-майор: “Беш жыл ичинде 612 аскер кызматкери батирлүү болушту”

Бөлүшүү:

Дүйнөлүктү мындай кой, өлкөбүздүн соңку кездеги коопсуздук жаатындагы коркунучтары аскердик реформа маселесин мамлекеттин көңүл чордонунан чыгарбай, актуалдуулугун улам барган сайын арттырууда. Мындай шартта мамлекеттин Куралдуу күчтөрүндө аскердик реформа кандай уланууда? Акыркы 20 жыл ичинде Куралдуу күчтөр бир нече аскердик реформаны баштан өткөрдү. Беш жыл ичинде ар кандай коркунучтарга даяр турган, мезгил талабына жооп берген заманбап армияны түзгөнүбүз айтылып келет. Эми ошол иштер кандай жыйынтыгын берүүдө? Аскер жаатындагы реформалардын күнгөй-тескейи тууралуу өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн башчысы, генерал Райимберди Дүйшембиев менен маек курдук.

— Саламатсызбы, жолдош генерал! 2018-жылдын алгачкы айында жолугуп отурабыз. Айтсаңыз, өткөн жыл жалпы Куралдуу күчтөр үчүн кандай жыл болду? Көңүлдө калчу жетишкендиктер болдубу? Эмне иштер аткарылбай калды дегендей…

— Өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрү 2017-окуу жылында коргоо, коопсуздук багытындагы күжүрмөн жана кызматтык иш-аракеттери туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында, аскердик доктринада, мамлекет башчыбыздын жарлыктары жана башка укуктук-ченемдик актылардагы аныкталган максаттарга жетүүнүн үстүндө иш алпарды. Биздин тармакты реформалоого, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкты көтөрүүгө, аскердик башкаруу системасын өнүктүрүүгө, кошуундар менен бөлүктөрдүн күжүрмөн потенциалын (күчүн) толугу менен ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Ушул максаттарда штаттык-уюштуруу, ыкчам жана күжүрмөн даярдык, куралдардын, техникалардын жаңы түрлөрү менен жабдуу жана башка жаатта көп иш-аракеттер аткарылды. Президентибиздин 2016-жылдын декабрындагы жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында түштүк-батыш регионалдык командачылыгы жоюлуп, 2017-жылдын декабрында кургактагы аскерлер Куралдуу күчтөрдүн өзүнчө түрү болуп түзүлдү. Ошентип, кургактагы аскерлер, абадан кол салуудан коргонуу күчтөрү жана улуттук гвардия Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабына баш ийген түзүмдөр болуп калды. Ошону менен генералдык штаб Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн курамына кирбеген, түздөн-түз президентке (Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы) баш ийген өз алдынча орган болуп саналат. Генералдык штабда бир топ башкармалык жана өз алдынча бөлүмдөр кыскартылып, штаттык бирдиктер кургактагы аскерлер менен абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнө жана чек ара кызматына берилди. Жогорудагыдай өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында генералдык штаб тарабынан аткара турган тапшырмаларына жараша, маселен, улуттук гвардия (мамлекеттик өзгөчө маанилүү объектилерди кайтаруу жана коргоо), мамлекеттик чек ара кызматы (мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо) Куралдуу күчтөрдү колдонуунун күжүрмөн даярдыктын, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыктын карым-катнаштын, пландоонун бирдиктүү системасы уюштурулду. Мындан тышкары, Куралдуу күчтөрдө бирдиктүү материалдык-техникалык камсыздоо механизмин түзүү максатында коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин балансына улуттук гвардиянын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү өткөрүлүп берилди. Каржылык камсыздоо борборлоштурулду. Анын ичинде Куралдуу күчтөрдү тейлөө үчүн бирдиктүү төлөө борбору түзүлдү (мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн, баңгизаттардын мамлекеттик чек аралардан өтүүсүн алдын алуу, райондор менен каттамдарды изилдеп чыгуу үчүн аскердик коопсуздуктун түштүк-батыш регионунун операциялык зоналарында мамлекеттик чек ара кызматынын, кургактагы аскерлердин жана улуттук гвардиянын бөлүкчөлөрүнүн күчү менен чалгындоочу-издөөчү аракеттер жүргүзүлдү). Ал эми аскерлерди даярдоо боюнча иш-чаралар адаттагыдай эле планга ылайык өткөрүлдү.

— Эл аралык жааттагы кызматташтык боюнча иш кыласыздарбы? Азыркы өнүгүп жаткан коомдо мезгилдин шарынан калбай, заманбап армия түптөш биздей өлкөнүн башкы максаты болушу керек да, кандай дейсиз?

— Бул жаатта деле аткарып жаткан иштерибиз бар, жок эмес. Куралдуу күчтөрдүн ыкчам топтору менен аскердик контингенттери 2017-жылы биргелешкен жыйындарда, мелдештерде, машыктырууларда, ошондой эле Армения, Казакстан, Россия, Тажикстан, Индия, Пакистан өлкөлөрүнүн аймагындагы «Нерушимое братство», «Взаимодействие», «Поиск» (ЖККУнун алкагында), «Боевое содружество» (КМШ), «Тянь-Шань» (ШКУ), «Канжар», «Шанти-Прайз», «Степной орел» (башка уюмдардын, программалардын жана эки тараптуу кызматташтыктын алкагында) сыяктуу машыгууларга катышты. Биргелешкен атайын «Шекара-2017-Кыргызстан» жана «Единство-2017-Кыргызстан» чек ара операциялары өткөрүлдү. Чүй облусунун аймагында жана Бишкек шаарында Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын катышуусунда биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык «коопсуздук» машыгуусу өткөрүлдү. Аймактык коргонуу системасында да сабактар жана машыктыруулар уюштурулду. Мамлекеттик чек араны ишенимдүү коргоону жүзөгө ашыруу үчүн чек аралардын ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча маселелер чечилди. Облустук чек ара түзүмдөрүнүн статусу (макамы) менен жоопкерчиликтери көтөрүлдү. Мамлекеттик чек аранын эң аяр тилкелеринде инфратүзүмдөр жолго коюлууда. Учурда төрт чек ара застава комплекси ишке киргизилгенге даяр турат. Ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен эки застава курулган.

Курал-жарак менен камсыз болуубуз кандай? Көзгө илинип, колго кармалчу тыңгылыктуу куралдардан куружалак эмеспизби?

— Албетте, аскердик-техникалык жардамдар менен башка булактардын эсебинен куралдуу күчтөрдү куралдар, техниканын жаңы жана модернизацияланган үлгүлөрү менен кайрадан куралдандыруу жүзөгө ашырылды. Аскерлерге жеңил сооттехникалары менен автомобилдер, учактар менен артиллерия системалары, абадан кол салуудан коргоо каражаттары, байланыш каражаттары жана башка жабдуулар алынууда. Булардын баардыгы кошуундар менен бөлүктөрдүн күжүрмөндүк даярдыктагы мүмкүнчүлүктөрүн көтөрүп, аларга берилген тапшырмаларды аткаруунун натыйжалуулугун арттырмакчы.

— Райимберди мырза, ушул жерден сөзүңүзгө аралжы, “биздин аскерлер тынчтык миссияларына катышат” деген да сөздөр тарап кетти…

— Ооба, 2011-жылдан бери тынчтыкты сактоо миссиясында иштей турган аскер талаа госпиталын түзүүнүн үстүндө өлкөбүздүн коргоо жана саламаттык сактоо министрликтери Индия элчилиги менен бирдикте эл аралык аскердик кызматташтыктын чегинде зор иштер аткарылды. Биздин медициналык аскер кызматчыларыбыз АКШнын Монтано штатында, Индияда бир нече жолу медициналык машыгуулардан өтүштү. Ал эми аскер талаа госпиталында кызмат өтөй турган аскер медиктеринин штаттарын, анда пайдаланыла турган мүлктөрдү комплектөө өлкөбүздүн «Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби боюнча» мыйзамына жана кыргыз өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жибериле турган аскер кызматчыларын даярдоо тартиби» жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.

— Социалдык көйгөйлөр кандай чечилүүдө? Ушул күндөргө карай аскер кызматчыларынын канча пайызы турак жай менен камсыз болушту?

— Жалпыга маалым болгондой эле аскер кызматчыларын социалдык жактан камсыздоо маселеси мамлекет тарабынан абдан жакшы колдоого алынууда. Турак жай фонду массалык түрдө курулууда. Акыркы беш жыл ичинде Куралдуу күчтөрдүн 612 аскер кызматчысы батирлер менен камсыз болсо, жашоочу жай менен 110 адам камсыздалган, ал эми учурда 421 батир курулуп жатат.

— Үстүбүздөгү 2018-жылда сиз жетекчилик кылган коргоо тармагыбызда эмнеге көп көңүл бурулат?

— Биздин тармак өлкөбүздүн аскердик коопсуздук жаатында жүктөлгөн тапшырмаларды аткаруунун үстүндө иштейбиз. Аскердик реформалар мындан ары да улантыла берилет. Ошондой эле аскер кызматчыларынын социалдык маселелерин чечүү да бирден-бир приоритеттүү тапшырма болмокчу. Белгилей кетсек, ЖККУнун алкагындагы «Взаимодействие–2018» масштабдуу машыгуусу биздин мамлекеттин аймагында өткөрүлмөкчү. Айтор, үстүбүздөгү жыл эс ала турган кез эмес. Алдыда бел чечпей иштөөчү бир катар тапшырмалар турат. Сөздүн кыскасы, Куралдуу күчтөр – Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо, Конституциялык түзүлүшүн коргоодо күндүр-түндүр ар дайым күзөттө.

— Чек ара кызматынын төрагалыгынан кубаттуу генштабдын башчылыгына карьералык секирик жасаганыңызда сизге карай “жаш генерал, армияны башкарууга тажрыйбасы аз” дегендей сындарды айтып чыгышканын өзүңүздүн деле кулагыңыз чалса керек?

— Албетте, көпчүлүктө, анан калса эл көзүндө болгон соң ар кандай сындар айтылат да. Биз аскер адамы болгондон кийин жеке жашообуз армия менен тыгыз байланышкан эмеспи. Жеке мен үчүн өткөн жыл жакшы жылдардан болду десем жаңылышпайм. Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдык мааракесинде экс-президентибиз Алмазбек Атамбаевдин «эми кыргыз элинин кайрадан колу бар, Ата журтун коргой турган, сактай турган күчү бар! Аскери бар!» деп айтканы, биз жасап жаткан иштерге берилген баа. Мындай сөздөрдөн кийин бизге карай жоопкерчилик эки эсе жогорулайт. Кыргыз армиясынын жетишкендиктери жалпы элибиздин жетишкендиги болуп эсептелет.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: