Дубайдын 36 жаштагы мураскер канзаадасы шейх Хамдан бин Мухамед аль-Мактум Өзбекстан мамлекитинин Ташкент шаарына барды. Мындай маалыматты «UzNews.uz» сайты бүгүн, 1-ноябрда жазып, сүрөттөрүн жайгаштырды.
Алардын маалыматына караганда, кечээ, 31-октябрда Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортуна Дубайдан эки учак учуп келген. Анин биринде канзаада шейх Хамдан болгон, анын Ташкентке кандай иш сапар менен барганы азырынча белгисиз.
Падышалык үй-бүлөнүн өкүлдөрү буга чейин Өзбекстанда аңчылык уюштурушкан. Ошондой эле канзаада Хамдан бин Мухамед дагы буга чейин Навои облусунда тоодактарга аңчылык кылган.
Аталган облустан 50 чакырым алыста тоодакты багуу жана сактоо боюнча атайын борбор жайгашкан. Ал Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун демилгеси менен 2008-жылы түзүлгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ