Menu

Сапар Исаков: Өкмөт жана бизнес Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү түзүүгө кызыкдар

Бөлүшүү:

«Өкмөт жана бизнес Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү түзүүгө кызыкдар», – деп билдирди Премьер –министр бүгүн, 15-декабрда, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн көмөгү аркылуу жеке инвестицияларды тартуу» аттуу тегерек стөлдүн жүрүшүндө. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы белгилегендей, учурда Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн бир гана долбоору – гемодиализ клиникаларынын иши боюнча долбоор ишке ашырылган. «МЖӨ жөнүндө мыйзам канчалык деңгээлде натыйжалуу иштеп жатат деген суроонун тегерегинде көптөгөн талаш-тартыштар болгон. Бүгүнкү күндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө жаңы мыйзам долбоору иштелип жатат. Биз Кыргызстанга инвестиция салуу ыңгайлуу жана пайдалуу болчу механизмди иштеп чыгуубуз керек», – деп белгиледи ал.

Сапар Исаков билдиргендей, өкмөт тараптан МЖӨ институтунун күчтүү болуусу үчүн колдон келген күч-аракеттер жасалат.

«Биз МЖӨ жөнүндө жакшы мыйзамсыз, бул жааттагы жакшы кадамдарсыз инвестиция келбестигин жакшы түшүнөбүз».

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт узак мөөнөттүү долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн жаңы жолдорду издейт.

«Качан гана Өкмөттүн жана бизнестин кызыкчылыктары дал келип, өлкө бакубаттуулугу үчүн иш алып барганда экономикабызда өнүгүү орун алат», – деп жыйынтыктады сөзүн Өкмөт башчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: