Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов баштаган делегация Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Ислам Кызматташтыгы Уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынынын ишине катышууда. Бул турасында ТИМ басма сөз кызматы билдирет.
Иш чарага Ислам Кызматташтыгы Уюмуна мүчө-мамлекеттердин тышкы саясат мекемелеринин өкүлдөрү катышууда.
Ислам Кызматташтыгы Уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынынын күн тартиби Иерусалим шаарынын укуктук жана тарыхый статусунун айланасында түзүлгөн кырдаалга арналды.
Өз сөзүндө КР Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Кыргызстан Иерусалим шаарынын айланасында түзүлгөн кырдаалдын курчуп кеткенине байланыштуу өзүнүн тынчсыздануусун билдирээрин жана дүйнөлүк коомчулуктун биргелешип күч жумшоосу палестин-израил чатагын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жана Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде тынчтык жолу менен жөнгө сала тургандыгына үмүт артаарын белгилеп кетти
Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы аскерий-саясий абалды жөнгө салуу боюнча жана ислам дүйнөсүнүн салттуу маселелерин талкуулашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ