Дүйшөмбү менен Ташкенттин ортосундагы аба каттамдар 2017-жылы январда кайра жанданат. Бул тууралуу келишимге Тажикстан менен Өзбекстан 30-ноябрда жетишти.
Ташкент-Дүйшөмбү жана Дүйшөмбү-Ташкент каттамдарын “Сомой Эйр” жана “Өзбекстан аба жолдору” авиакомпаниялары жүргүзөт. Учуулар жумасына эки жолу болот.
Эми Тажикстан менен Өзбекстан эки өлкөнүн борборлоруна гана эмес, башка шаарларына дагы аба каттамдарын камсыздоо үчүн өкмөттөр аралык келишимди даярдап жана кабыл алышы керек.
Шаршембиде өзбек делегациясы Дүйшөмбүнүн эл аралык аэропортунда болуп, ушул терминал аркылуу жүргүнчүлөрдү кабыл алуу жана жөнөтүү боюнча макулдашты.
Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы Ташкент-Дүйшөмбү түз аба каттамдары 1992-жылы токтотулган. Ошол мезгилде Тажикстанда жарандык согуш башталып кеткен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ