Белорусиянын “Неман” (Гродно) клубунда ойногон 18 жаштагы Гүлжигит Алыкулов көпчүлүк клубдарды кызыктырат. Бул тууралуу футболчунун агенти Владимир Осипов журналисттерге билдирди.
В.Осипов: “Гүлжигит Алыкулов көпчүлүк клубдарды кызыктырат, бирок, биз реалдуу сунуштарды карап жатабыз. Сунуштар болууда, маселен, эң кирешелүү Казакстандын Премьер-Лигасындагы клубдан сунуш түштү, бирок, ал бизди кызыктырбайт. Биз Европага кызыгабыз. “Неман” клубу менен келишим боюнча тиешелүү сунуш аткарылса, Алыкулов башка клубга өтө алат. Кышында башка клубга кетпесе, анда “Неманда” эле ойной берет“, – дейт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ