Menu

Шадиев менен Турсунбеков качан камалат?..

Бөлүшүү:

Кыргызстан коррупция боюнча 138-орунду ээлеп, мамлекетибиз сазга батып баратат. Аткаминерлерибиз чоң-кичинеси аралаш казынага кол салып, жеткени жети ууртап, жетпегени эки ууртап, коррупциянын тыйыларына көз жетпей, “белибиз бекчейип, көзүбүз чекчейип, мамлекетибиз бар болобу, жок болобу?” деп элеңдеп турган заман.

 Кырдаалдын чегине жетип турганын жаңыдан шайланган президент Сооронбай Жээнбеков да коопсуздук кеңешинин жыйынында катуу айтты. Коррупцияга каршы катуу чаралар көрүлөрүн эскертип, аябай күпүлдөдү. Күпүлдөгөнү менен араба кыймылга келген жок. Элибиз “үнүбүз Сооронбай Жээнбековго жетеби, же коррупцияны ушу деңгээлге жеткизип кеткен мурунку жетекчилик менен досчулугун кыя албай, “мартышкин труд” кылып элди алаксытып жүрүп күнү өтөбү?” деп кулак түрүп, үмүтү үзүлө элек.

Анткени иш жылбай жатат. Коррупцияга каршы аракеттерди жасап, ошо күрөштү ишке аткара турган органдарда акыбалды ушу даражага жеткирип, коррупцияны гүлдөшүнө салым кошкон чиновниктер орундарынан “былк” эткен жок. Натыйжада укук коргоо органдарынын жетекчилери коррупциялык иштердин ачылышына тоскоол болуп, жашырып-жабуу аракеттерин көрүп, бут тосуп жатканы ачык эле байкалууда. Анткени, алар “сорпосун ичкен да ууру” дегендей, өз үлөрү коррупциялык иштерге аралашып калышкан.

Коррупция 7-кабатта экени эбактан белгилүү. Укук коргоо органдарынын жетекчилерин кызматка койгон саясый жетекчилик орустар айтмакчы “круговая порука” болуп мамлекетибиздин казынасын бирге тоногондуктан, алар бири-бирин калкалашып, коррупциялык кылмыштардын ачылышына жолтоо болгону болгон. Ошондуктан элибиз, серепчилер “мурунку бийликтин убагында кызматка келген УКМК, ИИМ, башпрокуратура, финполиция жетекчилери орундарынан алмашмайын эч жыйынтык болбойт, УКМКнын АКСтин башчысын алмаштырган менен эч нерсе чечилбейт” деп эң туура айтып жатышат. Анткени, АКСтин үстүндө турган жетекчилер, башкы прокурор ж.б. көнүмүш адатынча кожоюнунун айтканын кылып, өз ишин улантып, АКСтин ишине бут тосо берери айтпаса деле түшүнүктүү да.

Мисал иретинде, Жогорку Кеңештеги жакында эле болуп өткөн бир окуяны айтсак болот. Кечээ жакында ЖКнын эл аралык иштер бөлүм башчысы Закиров Арсен деген жигит Чыңгыз Айтматов атындагы Санк-Петербургда берилүүчү “30 миң доллар сыйлыкты жеп алыптыр” деп айыпталып, УКМКнын абагына камакка алынды.

Закиров Арсенди жакындан тааныган коллегалары ал өтө билимдүү, маданияттуу, өсүп келе жаткан кыргыздын мыкты кадрларынын бири экенин эскеришип, ал жаш жигиттин мындай иштерге барганына ишене албай жатканын айтышууда. Чындыгында эле а кездеги ЖКнын эл аралык комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевдин өтүнүчү менен, а кездеги ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбековдун чечими менен бөлүнүп, Санк-Петербургга жеткирилип берилүүчү 30 миң долларды эч суроо-сопкутсуз эле орто жерден “кулк” эттирип жутуп коюп, эч нерсе билбегенсип отуруп калгандай ал ошончолук келесоо же башы экөө эмес да.

ЖКдагы ишенимдүү булактарга түшкөн маалыматтарга ылайык, акча каражаты Аскарбек Шадиев колдуу болуп, Чыныбай Турсунбеков калкалап, орто жерден “айран ичкен кутулуп, челек жалаган тутулуп” дегендей, азабын күнөөсүз жаш жигит Закиров Арсен тартып жатыптыр. “Шадиев жедиби? Же Чыныбай Турсунбеков экөө бөлүп сугундубу? Болбосо эмнеге Чыныбай мырза Шадиевди калкалап, үндөбөй отурат?” деген суроолор көп.

Шадиев спикерге “сыйлыкка берилүүчү акчаны бөлүп бериңиз” деп кат жазса, акча бөлүнгөндөн кийин “сыйлыкка бөлүнгөн акчаны алдык, Санк-Петербургга, сыйлык тапшыруучулардын колуна өткөрүп бердик” деп спикерге жооп жазып атса. Андан кийин “быйыл Чыңгыз Айтматовдун сыйлыгына каражат бөлө албай калдык” деп комитеттин жалган протоколун жазып, Санк-Петербургга жөнөтүп жатса, бул жерден ачыктан-ачык эле кылмыш изин суутуп аракеттери көрүнүп турса, эмне үчүн жазыксыз жаш жигит камакта отурат?

Анын деле жообу жөнөкөй эле, жогоруда айтылган “круговоя порука” экен. Колуна тиешелүү далилдер, документтердин баары тийип, Шадиевди камакка алуу аракети башталганда “мохнатая рука” Шадиевдин жердеши, бизнес өнөктөшү, экс-президенттин шопуру Икрамжон Илмиянов (Шумахер) кийлигишип, иш токтоп калганбы? Эми кандай болот, Шумахерден корккон Абдил мырза Шадиевге кишен сала албаса, айыпсыз адам абакта отура береби?..

Арстан АЛГЫРБЕКОВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: