“Бишкек жана Ош шаарларында карантиндик режим сакталып турат, мунун бардыгы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу” – деп билдирди бүгүн, 30-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде.
“Эгер бардыгы турукташса, анда бул маселени карап чыгуу мүмкүн болот. Карантин азырынча алынып салынган жок. Ал атайын чечим менен алынып салынат. Бардык тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат, бирок бардык чектөөлөрдү алып салуу мүмкүн эмес” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, Бишкек жана Ош шаарларында карантиндик режим 11-майда киргизилген.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ