Menu

Дастан Бекешов, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Кош жарандыгын жашырагандарды жоопко тартуу зарыл”

Бөлүшүү:

— Дастан мырза, сиз кош жарандыгы аныкталган мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде депутаттарга кылмыш ишин козгоо зарылдыгы тууралуу демилге көтөрдүңүз. Аны ишке ашыруунун механизми кандай болот?

— Негизи кош жарандуулукту БШК текшериши керек эле. Бирок, алар текшере албайт. Бул жерде бир эле мезханизм бар, ар бир талапкер документтерин тапшырганда “менин кошумча жарандыгым бар” же “жок” деп так жазышы керек. А эгер кош жарандыгы бар экенин жашырып, кийин анысы ашкере болуп калса, Жаза кодексинин негизинде жоопко тартылууга тийиш.

— Ал үчүн эмне кылыш керек? Мыйзам жызыш керекпи?

— Ооба, мыйзам жазып, Жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл.

— Бул ишти өзүңүз колго алсаңыз болобу?

— Мен ансыз деле анализ жасап жатам. Башкы прокуратурага кат жөнөтүп, алардын жооп күтүүдөмүн.

Керим МУРАС

Булак: “Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: