Menu

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө өткөрүп берүү маселеси каралууда

Бөлүшүү:

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өткөрүлөт.

Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын, Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Миннихановдун, Бириккен Араб Эмираттарынын Фуджейра эмиратынын мураскер ханзадасы шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммед Аль-Шаркинин келиши күтүлүүдө.

Учурда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө, балким Туркияга  өткөрүп берүү маселеси каралууда. Бул маселе Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-2-сентябрда Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында каралат.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев, ошондой эле белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: