Menu

АКШда сот прокурорлорго Трамптын салык декларацияларын алууга уруксат берди

Бөлүшүү:

АКШнын Жогорку соту Нью-Йорктогу прокурорлорго президент Дональд Трамптын салык декларацияларын берүү тууралуу чечим чыгарды.

Трамптан документтерди алуу укугу Манхэттен округунун прокурору Сайрус Вэнске берилди. Ал эки аялга жашыруун түрдө берилген делген акча боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Алар Трамп менен байланышта болуп, бул жөнүндө эч кимге айтпоо үчүн андан акча алышканын билдиришкен. Прокурор президенттин каржы документтери тергөөгө жардам берет деп эсептөөдө.

Трампка каршы дагы бир доо арызды Конгресстин үч комитети жазган. Алар соттон президентти каржы маалыматтарын ачыкка чыгарууга милдеттендирүүнү өтүнүшкөн. Бирок Жогорку сот өтүнүчтү четке кагып, чечим чыгаруу укугун төмөнкү баскычтагы сотторго калтырды. Бул Конгресс Трамптын салык декларациялары менен АКШда быйыл ноябрда өтө турган президенттик шайлоого чейин тааныша албайт дегенди билдирет.

Трамп соттун чечимин «саясий куугунтук» деп атады. Ал «Твиттерге» «саясий жактан коррупциялашкан Нью-Йорк менен күрөшүүгө туура келерин» жазды. Буга чейин анын адвокаттары учурдагы президент кылмыш иштерге жана тергөөгө каршы иммунитетке ээ экенин билдиришкен.

https://twitter.com/realDonaldTrump/status/1281236214646034432?ref_src=twsrc%5Etfw%7Ctwcamp%5Etweetembed%7Ctwterm%5E1281236214646034432%7Ctwgr%5E&ref_url=https%3A%2F%2Fwww.svoboda.org%2Fa%2F30716761.html

2015-жылы Трамп байлыгы 8 миллиард 800 миллион долларды түзөрүн билдирген. Бирок Forbes журналы анда анын байлыгын эки эсеге аз баалаган.

Быйыл апрелде Forbes президенттин байлыгы 2 миллиард 1 миллион долларды түзөрүн билдирген. Бул 2019-жылдын октябрь айына салыштырмалуу 1 миллиард долларга аз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: