Негедир жылдын акырында өлкөдө дене бойду чыйрыктырган катаал окуялар, кырсыктар жүз берип жатат. Албетте, мээси иштеп турган мекендештерди мындай абал ойго салбай койбойт. Боордошторубуздун кытай бийлигине каршы муңканган кайрылуусу, Чаткалдагы, башка кен чыккан аймактардагы чыңалган көрүнүш, Ош базарынын кайра өрткө капталышы, көз боёмочу банкка алдангандардын көз жашы бизди кайдыгер болууга жол бербейт.
Ириде, мамлекеттеги саясий тирешүү, аңдымайлар, жек көрсөтүүлөр улам барган сайын күчөп баратканы кооптуу болуп турат. Баягыл жеңин түрүнө кимди жыга чабайын деп оолуккандардын катмары калыңдаганы айкын байкалууда. Тилекке каршы ошолорду тыйып койуга жараган эч ким жок. Баары эле өз арбайын согууга кызыктар. Ошондуктан жок дегенде маалымат каражаттары бир жактуулуктан чегинип, калыс кебин айтып, агартуучулук милдетин адал өтөсө деген пикирди айтып коюну эп көрдүк. Курсак тоет, жыртык кийим бүтөлөт, өлбөгөн кулга жаз келет, бирок, туруктуу өлкөнү сактап калуу өтө оор. Ошондуктан бирөөнүн буйругун аткарып, саясатчыларды чабыштырбай, элдин бакубатчылыгын сактайлы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ