Menu

АКШ элчилиги тажикстандык журналисттин сабалышын айыптады

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттардын Дүйшөмбүдөгү элчилиги «Азия-Плюс» маалымат агенттигинин журналисти Абдулло Гурбатиге кол салууну айыптады.

Дипломатиялык миссия журналисттин сабалышын “Тажикстандагы көз каранды эмес медиага чабуулдардын уландысы” катары баалады. Элчилик тажик бийлигин күнөөлүүлөрдү таап, жазалоого чакырды.

12-майда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча атайын өкүлү Арлем Дезир да билдирүү жасап, “көз карандысыз медиа өзгөчө пандемия учурунда коомго маалымат берип турууда негизги ролду ойнорун” белгилеген.

23 жаштагы журналист 11-майдын кечинде Дүйшөмбүдө белгисиз адамдар аны дүкөндөн кайтып келаткан жерден сабап кеткенин айткан. Ички иштер министрлиги арыз түшсө, дароо чара көрүлөрүн билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: