Президенттике ат салышкан Токтайым Үмөталиева оңой аял-заты эмес. Ал азыркы абал тууралуу кайрылып, казак президентине кат жолдогон. А. Атамбаев өзүнөн кийинки президентке өтө оор жүктү таштап кетип жатканына кейип, маселени элдик дипломатия менен чечүү аракетин көрүп жатыптыр. Анын ою боюнча эки өлкөнүн аттуу-баштуу аксакалдары жолугушуп, бирин-бири кечиришип, маселени жайгаштырышы керек.
«Бул катта биздин жетекчилерден күнөө издегеним жок. Эки элди ынтымакка чакыруу. Кат Казакстандын президентинин администрациясына түштү. Эми жооп күтүп жатам» деп билдирген экен Токтайым айым.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ