Menu

Ахматбек Келдибеков, коомдук-саясий ишмер: “Кек сактоо, өч алуу мага таандык сапат эмес””

Бөлүшүү:

Ахматбек Келдибековдой тээ биринчи тепкичтен баштап жогорку кызматта иштеген саясатчылар саналуу эле болсо керек. Мамлекеттик кызматты жөнөкөй эле жерден баштап парламенттин Төрагасы болуу бактысына чейин ээ болгон инсан. Ахматбек Келдибекович саясатта канчалык көп жүрсө ошончолук азабын, жыргалын кошо тартты. Кыйналды, кызматтын балын татты, уусун жутту дегендей. Бүгүн ал президент болом деп жарышка аттангандардын катарын толуктап жаткан кези. Деги эле алдыдагы максаттары, атаандаштары, өзү жөнүндө коомдо айтылган ой-пикирлер тууралуу кенен маек курду.

—Ахматбек Келдибекович, БШКга съезддин чечимин тапшырдыңыздарбы?

—Ооба тапшырдык. Учурда 30 миң кол топтоого өттүк.

— Сиздин соттуулугуңуз 8-ноябрда алынат экен. Бирок сиз БШКга арыз жазыптырсыз, катталбай калам деп кооптонгон жоксузбу?

—Конституциянын 62-беренесинде бардыгы ачык айкын жазылып турат. Мен ошол Конституцияда эмне милдеттендирилсе ошонун негизинде иш алып барып жатам. 62-беренеде «Президент жашы 35тен жаш эмес, 70тен улуу эмес. Мамлекеттик тилди эркин сүйлөп, Кыргызстандан негизинен жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаш керек»-деп жазылып турат. Президенттин шайлоо тартиби мыйзам менен аныкталат. Ал эми президенттикке талапкердин аныктамасы Конституциянын 62-беренесинде так, даана жазылып турат. Шайлоо тартиби таптакыр башка маанини берет. Ошондуктан соттуулугу алынды, алынбады дегендин бардыгы Конституцияга каршы келет.

—Сиздер Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаровдор менен үчөөңүздөр биригип жатканда үчөөбүздүн бирөөбүз президенттикке чыгабыз деп жатпадыңыздар беле? Үчөөңүздөр тең аттаныпсыздар. Буга эмне себеп болуп калды?

—Туура айтасыз, үчилтикке бириккен үчөөбүз тең талапкерлигибизди койдук. Бирок биздин алдын-ала белгилеп алган аныктамаларыбыз бар. Шайлоо жакындаганда ошол сүйлөшүүнүн негизинде иш алып барабыз.

—Негизги атаандашым ким болот деп эсептейсиз?

—Президент болом дегендердин бардыгын сыйлайм. Бирөөсү кыйын, башкасы жаман деген туура эмес. Бирок талапкерлер каржы жагынан күчтүү же элге таанымал мүмкүнчүлүгү менен айырмалангандар бар. Дал ушулардын арасында негизги атаандаштык жүрөт. Шайлоо учурунда эң көп добуш алган экөө экинчи турга чыгышы мүмкүн. Кудай буйруп экинчи турга чыксак гана негизги атаандаш ким болоорун билебиз.

—Шайлоо экинчи тур менен өтөт деп ишенесизби?

—Шайлоо учурунда ар кандай окуялар болуп кетпей, бардыгы мыйзамдын чегинде болсо гана экинчи турга сөзсүз өтөт.

—Эл башкаруу оңой жүк эмес. Бирок президенттикке аттангандардын саны узаргандан узарып 40ка жетти. Бул демократиянын белгисиби кыргызды башкаруу ушунчалык эле оңойбу?

—Парламенттик башкарууга толук кандуу өткөнүбүздө, президентти парламент эле шайлап коймок. Негизи парламенттик башкаруу системасы ушундай. Конституцияны акыркы эгемендикти алгандан бери көп жолу өзгөртүп жибергенден улам азыркы талапкерлер көп чыгып атат. Алар «Кудай буйруп шайланып калсам баш мыйзамды өзүмө ылайыктап өзгөртүп алам»-деп жатышпайбы. Кечээ өзгөртүп жатканда дагы Конституцияны мындан кийин 30 жыл өзгөртүүгө болбойт деген талапты киргизип койгондо мынчалык адам бийликке барам демек эмес. Конституцияны эл тандаса жакшы болот. Ачык-айкын калктын эркине коюп, талкууга түшүрүп, анан басымдуу бөлүгү колдосо гана Конституцияны ата-бабабыздан калган салтка ылайыктап, 50 жыл алмаштырганга болбойт деп жазыш керек. Баш мыйзамды бийликке келген адам эле өзгөртө берсе эч ким ага алмашып кетпейт деп кепил болуп бере албайт.

—Бийлик сиз үчүн эмне?

—Бардык бийликке барган адам жыргап кетет дегенге мен кошулбайм. Бийликтин эң жогорку тепкичтеринде дагы иштеп көрдүм. Менин түшүнүгүмдө Кудай пешенеге элге кызмат кыл деп жазып койсо анда аткарбай коюга болбойт. Элдин жасап жаткан иштериңди көзү көрүп, баалоосу зарыл. Калк өзүнүн жакшы баасын берсе кана элге кызмат кылдым десе жарашат.

—Шайлоо абдан курч мааниде өтө турган болуп калды. Мурда кийинки достор, чогуу иштегендер, саясатта бирге жүргөндөр бардыгыңыздар аламан жарышка түшүп алыпсыздар…

—Кандай гана шайлоо болбосун атаандаштар көп болуп, чыныгы таймашуу менен өтсө бул жакшы нерсе. Күчтүү адамдар катышып өткөн щайлоону колдосо болот. Президентти парламент шайлап, элге салынбай турган болгондо мынчалык ажиотаж болбойт эле.

—Сиздей саясатта ары-бери чабылып, жамандык жакшылыкты көргөн саясатчылар аз эле болуш керек. Улуу жарышка аттанып атып айланаңыздагыларга ишенип атасызбы? Мындайда баарын күтсө болот, сатып кетмейлер, так жарыштын алдында баш тартып кеткендер чыгат да?

—Адамга адам ишениш керек. Жалгыз адам жашоодо эч нерсеге жетишпейт. Тээ илгери башыма кыйын иштер түшкөндө тетири басып кеткендер азыр келип учурашып ал жай сурап жатышат. Аны мен өзүмдүн ичимде гана баа берип жатам. Кектебейм, келбегиле дебейм, келишсин көрүшсүн. Баардыгына Кудай тараза.

—Шайлоого оңой каражат кетпейт. Негизги каржы булагыңыз кайдан болот?

—Шайлоодо каражат кетпейт деп айтыш кыйын. Үгүт иштерине, плакаттар, гезит журналдардын эмгеги, журналисттердин акысы, тамак-ашы, машинанын бензини бардыгы эле акча. Колдон келип турганда издеп таап атабыз.

-Сиз президенттикке аттангандан бери атаандаштарыңыз «Келдибековдун мүнөзү катуу, ал бийликке келсе баары башталат. Дсмократияны жоготот»-деп жатышат…

—Качан гана мыйзам бардыгына бирдей болгондо гана жашоо турмуш оңолот. Адамдык укугу боюнча Конституцияда отуздан ашык берене бар. Бирок аткара албай жатабыз. Адамдын укуктары президенттин укуктарына караганда беш эсе, өкмөттүн, парламенттин укуктарына караганда да жогору турат. Андыктан мыйзамды сактоого аракет кылбасак болбойт.

—Бир кезде сиздин камалышыңызга кызыктар болгон Аида Салянова бүгүн сиздин ордуңузга олтуруп сурак берип жатат. Бул пендечиликпи же?

—Бир кезде биздин «Аида мыйзамдарды бузуп атасың»- айткан сөздөрүбүздөгү деп далилдерибизди өзү бүгүн сотто сөзмө-сөз кайталап жатат. Жада калса ошол убакта туура эмес иштерди жасап жатканын күн сайын айтып жаттык, укпай койгон. Сот чечим чыгара электе күнөөлүү деп таап, ар нерсени айтып жаман атты кылып жатты. Мен анын азыркы абалына таба эмес, тобо кылам. Мындай нерсени башымдан өткөргөн адам катары жамандык каалабайм.

—Кечээ Салянова кылмышкер деп тапкан адамдар менен бүгүн парламентте чогуу олтуруп калды. Эми бул тагдыр. Ушундай тагдыр буйруп калса анын жасаган кыянаттыгын эске албай чогуу иштеше аласызбы?

—Мыйзам бузуучулук, эки жүздүүлүк Аида айым башкы прокурор болуп турганда көп кайталанган. Эми өздөрү колу менен жасаган ишке дуушар болуп жатышат. Адам болгондон кийин кечиримдүү болуш керек. Кыргызстан өтө деле чоң мамлекет эмес. Жамандык жакшылыкта жүз көрүшүп калабыз. Кек сактоо, өч алуу мага таандык сапат эмес. Баарын мен Кудайга коём.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: