Menu

Кыргызстанда COVID-19га каршы күрөшкөн дарыгерлердин укуктары массалык түрдө бузулгандыгы аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын саламаттык сактоо кызматкерлери COVID-19га каршы күрөштө өзгөчө жеке чыгымдарды төлөштү. Алар көп күн бою ашыкча иштөөгө мажбур болушкан, көп учурда убада кылынган кошумча төлөмдөрдү алышкан. Бул тууралуу Amnesty International уюмунун жаңы докладында айтылат.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, эпидемиянын туу чокусу убакта, марттын ортосунан 22-июлга чейин 29 медициналык кызматкер көз жумган. Бирок, расмий эмес булактар ​​бул көрсөткүч 40 адамга чейин жеткендигин билдиришти.

Кыргызстандын дарыгерлери жанын аябастан иштеп, күн сайын өмүрүн тобокелге салып, бейтаптарга кам көрүштү, көпчүлүк учурда өмүрдү сактап калуучу дары-дармектер жок. Бийлик тарабынан жетиштүү колдоо болбосо, алар ыктыярчылардын жардамына таянышты. Өз кезегинде аларга адам укуктарын пайдалануудан баш тартышкан, көпчүлүгүнө айлык акы аз төлөнгөн, көпчүлүгүн коркутуп, көйгөйлөрү жөнүндө үн чыгарбоого иажбурлашкан” – деди Эл аралык Мунапыс уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Хеза Макгилл.

Май айынан баштап, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дарыгерлер үчүн киргизилген “казарма режимине” ылайык, дарыгерлер эки жума бою күнүнө 12 сааттан COVID менен ооруган адамдар менен иштөөгө чакырылып, андан кийин алар эки жума карантинге алынды. Бир дарыгер карантин режиминде иштегенин “түрмөдөгүдөй” деген сөз менен сүрөттөгөн.  Анын айтымында, 10 медицина кызматкерлери бир бөлмөдө жатышкан жана үй-бүлөсү менен көрүшүүгө мүмкүнчүлүк жок болгон.

Amnesty International уюмуна интервью берген дарыгер бир суткада 24 саат иштеп жатканын, ооруканада бейтаптар көп болгондуктан үйүнө кете албай турганын айткан. Ал COVID бөлүмүндө жалгыз дарыгер.

“Мен жетекчи болгондуктан, мен иш убактым бүтөр менен кете албайм. Мен ар дайым ошол жерде болушум керек. Үч-төрт саат уктайбыз. Ушундай режим менен 30 күндөн бери иштеп келе жатам” – дейт дарыгер.

Amnesty International менен маектешкен дарыгерлер айлык маянасы убагында берилбей, айрымдары айлык маяналарын кыскартууга аргасыз болушканын айтышты.

Кыргызстандагы дарыгерлер өлкөдөгү эң аз эмгек акы төлөнүүчү адистердин катарына кирет, бул башка өлкөлөргө жана жеке секторлорго шарт түзөт, ал эми өз кезегинде мамлекеттик сектордогу дарыгерлердин жетишсиздигине өбөлгө түзөт.

Баарынан да Amnesty International уюму дарыгерлер менен байланышканда, алардын сүйлөгөндү каалабагандыгы, а түгүл маектешүүгө макул болгондор жетекчилигинин кысымынан коркуп, атын атабоону суранышты. Дарыгерлер эл алдында арызданган учурларда, аларды жумуш берүүчүлөр коркутуп-үркүтүшкөн, жумуштан кетиришкен же басынткан.

“Кыргыз өкмөтү пандемияны жакшы башкаруу үчүн саламаттык сактоо тутумунда туруктуулукту арттыруу жана медициналык кызматкерлердин укуктарын коргоого басым жасоо боюнча чараларды көрүшү керек. Ошондой эле, өлкөдөгү ар бир адам сөз эркиндигине болгон укугун колдонуп, маалымат тараткандарды коргоо чараларын көрүшү керек” – дейт Хеза Макгилл.

Кыргызстан экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакты боюнча адам укуктары боюнча милдеттенмелерин аткарууга жана бардык кызматкерлерге, анын ичинде саламаттыкты сактоо кызматкерлерине да адилеттүү жана жагымдуу эмгек шарттарын кепилдөөгө тийиш. Саламаттык сактоо министрлиги бардык дарыгерлерге эл аралык стандарттарга жооп берген ЖКК менен камсыз болушун жана инфекцияны жуктурбоо үчүн аларды кандайча колдонуу керектигин так үйрөтүшүн камсыз кылышы керек, деп айтылат докладда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: