Menu

Назира Бегим, журналист: “Кундуз Жолдубаева, Атамбаевдин короосуна таш төктүрүп, үйүндө ок, курал-жарактарды көрүп жүргөнүңдө кызыңды кимге таштап жүрдүң эле? Эми кызыңды бетиңе кармап, бир байкуш болбо!”

Бөлүшүү:

Журналист Назира Бегим экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу, КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаевага кайрылып, ачуу чындыкты айтты. Ал Жолдубаевага жана аялзатына кайрылган кайрылуусун “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирди. Анда ал  Кой-Таш окуясындагы сүрөттөрдү жайгаштырып, төмөндөгүдөй пост калтырды.

Анда ал: “Урматтуу аялзаты, эже-сиңдилерим! Мен дайым айымдардын орду, жашоодогу милдети жана укуктары жөнүндө көп айтам. Суракка чакырылган Кундуз Жолдубаеванын окуясы тууралуу пикиримди айтууну эп көрдүм. Ал суракка кирип кеткенде кызы эшикте күтүп туруптур. Бул, албетте, көргөн кишинин зээнин кейитет, бооруң ачыйт. Бирок, маселенин экинчи дагы жагы бар.
Кундуз Жолдубаева жай айында “бийликти басып алабыз” деген радикал команданын башчыларынын бири катары күнү-түнү Кой-Ташта кыйкырып жүрдү. Алар мыйзамды уруп ойнобой, күч органдарын барымтага алып, сабашты. Бир кызматкер өлүп, дагы бир офицер майып болду. Кундуздун кызы бир нече саат эшикте калса, алардын балдары чырылдап, зар какшап ыйлап жетим калды. Ошондуктан, кылмыш кылып жатканда кызы бар экенин унутуп, эркектер менен тең талашып кыйкырып, мыйзамды уруп ойнобой, элди башаламандыкка үндөп, кан төгүүгө себеп жаратып, анан суракка келгенде кызын бетине кармап, байкуштун кейпин кийип, атайын элдин боору ачый турган абалды сүрөткө тартып, пиар кылганына жол болсун. Мыйзам “аял, эркек жана кызы бар экен” деп карабайт, ылгабайт жана тандабайт. Мыйзам бузган жаран жынысына карабай жооп бериши керек. Ошондуктан Жолдубаева кызын бетине кармабашы керек. Мыйзамды тебелеп, кылмыш кылган соң баласын же кичинекей кызын бетине кармап байкуш болсо жазасыз калат деген түшүнүк болбош керек. Бала кымбат экен, эмнеге башкалардын баласын ойлогон жоксуңар? Каза болгон аскердин балдарынын көз жашын ким сүртөт? Майып болгон офицердин балдарынын убалы кимге? А сени суракка чакырса, кызыңды көтөрө чуркайсың. “Кызыңды баягында элди үгүттөп, Кой -Таштагы Атамбаевдин короосуна таш төктүрүп, Атамбаевдин үйүндөгү ок, курал-жарактарды көрүп жүргөнүңдө кимге таштап келип жүрдүң?,- деген суроо жаралат экен“,-деп жазган.

Эске сала кетсек, 27-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кундуз Жолдубаеванын баш коргоо чарасы каралып, ал 2020-жылдын 9-февралына чейин үй камагына алынган. Ага үч: “барымтага алуу”, “массалык башаламандыкты уюштуруу” жана “бийликти күч менен басып алууну уюштуруу” айыбы тагылган. Сотко чейин Кой-Таштагы окуя боюнча бир топ жолу суракка алынган. Ал дайыма суракка бараарда жанына кичинекей кызын ээрчитип алат. Сот болгон күнү да сотко ээрчитип барып, аны сыртка үшүтүп, жөтөлтүп, күттүрүп койгон. Ал ортодо кызы менен коштошууга чыгып, коюлган үч айыпты журналисттерге айтып, мойнуна албастыгын айткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: