Бүгүн, 28-майда Бишкек мэриясына караган “Шаар парктары” муниципиалдык ишканасынын начальниги Калича Умуралиева пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралу укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.
Мурунку укук коргоочу, азыркы мамлекеттик чиновник Калича Умуралиева 80 000 сом пара алып жаткан жеринен УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын кызматкерлери кармаган.
Ал кимден пара талап кылган, ким арыз жазган, кандай шартта кармалганы жакынкы убактарда жарыяланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ