Menu

Айлаң кетсе да Акунга барба, ал “жардырып” жиберет

Бөлүшүү:

Түндүк Корея деген өлкөнүн башчысы дүйнөнүн мен деген державаларын «жардырып жиберем» деп коркутуп эле келе жатат. Бирок, ааламдын алпы болгон өлкөлөр андан чындап эле коркуп, чочулап, атургай эсептешип да турушат. Ал эми Кыргызстанда да бир «жардыргыч» бар. Айтылуу Турсунбек Акун деген киши. Бул киши азырынча элди эч бир эриктирбей келет. Кайда жүрсө ызы-чуу. Ушул киши Азиз Батукевди абактан чыгарып узатканда акыйкатчы кызматын аркалап турган. Кимди коргоп жатканын аңдабай калган Туке Батукаевге «адвокат» болгонун унута элекпиз. Учурда Батукаев маселеси кайрадан кызуу талкууга алынып турганда бул киши «мен эми бомба жарам» деп чамынып жүрү. Бирок, андан эч ким деле корккон жок. Болгону өзүн эле жардырып жибербесе деген ой да. Анткени, коомчулукта «Батукаевди чыгаруудагы эмгеги үчүн Тукеге берилген 200 миң доллар жасалма акча болуп калыптыр» деген кеп удургуп жүрөт. Балким чын эле Турсунбек мырза «эмгек акысын» учурунда сандыктын түбүнө аябай бекем катып алгандыктан өтө кеч билгендир. Ким билсин, айтор Туке чын эле күйүптүр эй. Ошондон улам «бомбасын» дайыма көтөрүп жүрү. Аттиң, Тукенин «бомба» дегендери дегеле жарылбай коюп ит кылчу эле. Эми мунусу кантээр экен?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: