Menu

Күңүрттүк өкүм сүргөн жерде каралар бийликке келет

Бөлүшүү:

Биздин баардык иштерибиз, ойлорубуз, сөздөрүбүз бизди ээрчип жүрөт, ошондуктан жакшы иштерди гана жасагыла.

(Байыркы Индия накылы)

Эгер акылдуу, даанышман адамдар келесоо жана пас адамдарды башкарышса, тартип өкүм сүрөт.

(Мо-Цзы)

Билесиңби, башыңды жоготуу – өтө олуттуу жоготуу.

Льюис Кэрролл («Алиса в Зазеркалье»)

Көшөргөндүк гана максатка жеткирет.

(Иоганн Кристоф Фридрих фон Шиллер)

Эгер сиз ийгиликке жетишкиңиз келсе, жүрөгүңүз сиздин бизнесиңизде, ал эми бизнесиңиз болсо сиздин жүрөгүңүздө болууга тийиш.

(Томас Дж. Уотсон)

Жаман адамдар менен жолугушуп, сөздөрүн угуу – жаман иштердин башталганы.

(Конфуций)

Кээде бир ишти эртеңкиге калтырып жатып чочуп кетесиң: эртең деген бир нече сааттан кийин эле келет да.

(Юрий Никулин)

Адам эмне кааларын билсең – анын ким экенин билесиң.

(Стивен Кинг)

Чоң жеңиш – бул көптөгөн майда жеңиштерден турган жол.

(Тони Стоукс)

Бир күндүн үчтөн эки бөлүгүн өзү үчүн пайдалана албаган кишини “кул” деш керек.

(Фридрих Ницше)

Эгер сага “татыктуумун” деп эсептеген ролуңду бербей коюшса, анда ал ролду өзүң жазышың керек.

(Фредерик Бегбедер)

Биздин жетекчи кадрлардын эң маанилүү милдети – бул башкаларда  башкаруучулук жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.

(Генри Форд)

Өзүнүн жеңишине ишенген адам гана жеңип чыгат.

(Джон Драйден)

Башында чатыр болгону көп учурда адамдардын өсүүсүнө жолтоо болот.

(Станислав Ежи Лец)

Күңүрттүк өкүм сүргөн жерде каралар бийликке келет.

(Бир тууган Стругацкилер)

“Ойлонгон адам” деген аныктамада адамзатына комплимент айтылган дейсиңерби?

(Станислав Ели Лец)

Бакыт гана биздин үйүбүзгө эшик какпай келе алат, себеби, биз аны дайыма кучак жайып тособуз.

(Александр Вяземка)

Эгер сага бирөө “чыйрал, жаныңда мен бармын” деп айтчу болсо, ошондой адамың бар болгону үчүн эле өйдө туруп, тоону томкоруп ийгиң келип кетет.

(Макс Фрай)

Өзүңдүн үстүңдөн иште. Эч ким кокусунан жакшы адам болуп калбайт.

(Сенека)

Жүрөктү жүрөк гана дарылай алат.

(Владимир Виноградов)

Көргөн оңой эле, көрө билген кыйын.

(Бенджамин Франклин)

Эскерүүлөр – боштук мухитиндеги аралчалар сыяктуу.

(М.Шишкин)

Канчалык аз корксоң, коркунуч ошончолук аз болот.

(Тит Ливий)

Карызың көп болсо кайгырба, бүргөң көп болсо тырманба.

(Кытай макалы)

Дапдаяр турган көз жаш кайгыны эмес, куулукту туюндурат.

(Публилий Сир)

Түбөлүктүүлүк убакыттын жыйындысы эмес.

(К.Бунш)

Жаштык кез көтөрүлгөн толкун. Артыңда шамал, артыңда аскалар.

(В.Водсворт)

Асман булутсуз болсо, эгин куурап калат.

(Чыгыш макалы)

Үмүт атүгүл мүрзөнүн астында да жашайт.

(И.Гете)

Бүкүрдү оңогондон мурда ага караганда кыйыныраак ишти жаса – өзүңдүн желкеңди түздө.

(Будда)

Аянычтуу кебетең менен сен эч кимди таң калтыра албайсың. Ал эми чыдамкайлык  болсо дайыма суктанууну пайда кылат.

(Сьюзен Коллинз)

Гүлдөр – бейиштин жерде калган калдыктары.

(Иоанн Кронштадтский)

Кыш чилдеде гүлдөр жок болсо, “жок” деп кайгыргандан да пайда жок.

(Сергей Есенин)

Сүйүүдө калп айткан киши жек көрүүгө да татыктуу эмес.

(Француз макалы)

Эгер сенин эки тыйының болсо, бирөөнө нан, экинчисине гүл сатып ал. Нан курсагыңды тойгузса, гүл жашоого үмүт берет.

(Кытай макалы)

Эгер сен өзүңдү өзүң башкарып үйрөнбөсөң, сени башкалар башкарышат.

(Хасай Алиев)

Даярдаган Мамат САБЫРОВ

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: