Menu

Президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыктары. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө

Бөлүшүү:

«Президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл буруп, алар менен иштөөнү жакшыртуу, жарандарды жеке кабыл алууларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жөнүндө айткан сөздөрүнүн натыйжасында жарандардын Мамлекет башчысынын атына, анын Аппаратынын дарегине жарандардын кайрылууларынын саны кескин көбөйгөндүгү байкалууда», -деди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов, Президенттин бир жылдык ишинин жыйынтыктары тууралуу кеп кылып. Бул тууралу президенттик аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Сооронбай Жээнбеков Президенттик кызматына киришип жатып, өзүнүн  сөзүндө  «Ар бир жарандын укугун, эркиндигин жана  кызыкчылыктарын коргоо –анын негизги максаты экендигин» белгилеп өткөн. Анткени ар бир кайрылуунун артында адамдын тагдыры, анын мүдөөсү турат эмеспи, деп белгиледи ал.

Анын  айтымында Президент жарандардын анын атына жазган кайрылууларына өзгөчө маани берип, көңүл бөлүп, алардын мыйзам чегинде, өз мөөнөтүндө каралып, мыйзамдарга негизделип жооп берилишине дайыма көзөмөл жүргүзүп, тийиштүү тапшырмаларды берип турат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин атына, анын Аппаратынын дарегине келип түшкөн кайрылуулар”Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө« Мыйзамына ылайыккаралат.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына 2017-жылдын 24-ноябрынан 2018-жылдын 1-ноябрына чейин жарандардан жазуу (электрондук) жүзүндө 12563 кайрылуу келип түшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 68 пайызга көптүк кылат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Бишкек жана Ош шаарларындагы Коомдук кабылдамаларында 1228 жаран кабыл алынган. Бул өткөн жылдагыга караганда 100 пайызга көп.

«Ишеним телефондору» жана кызматтык телефондор аркылуу жарандардан 1254 кайрылуу кабыл алынган.

Коомдук кабылдамаларда516  жаран маалыматтык-укуктук кеңештерди жана жардам алган.

12563 кайрылуунун ичинен  1145ин  Президент өз көзөмөлүнө  алды. Анын  957же 83,5 пайызы аткарылды. 188 же 16,5 пайызы кайрылуу мөөнөтү боюнча  аткарылууда.

Жарандардын кайрылуулары боюнча маалыматтар  кыргыз Республикасынын Президинтинин „President.kg“ расмий веб-сайтында жана башка сайттарда, өлкөнүн  КТРК, ЭлТР жана „Пирамиада“ сыяктуу телеканалдары аркылуу кеңири чагылдырылып турат.

Мындан тышкары  Жогорку Кеңештин административдик зданиясынын жанында түрдүү акциялардын, митингдердин  катышуучуларынын жана алардын өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуулары мыйзам чегинде кароого жана жыйынтыгы боюнча кайрылуу ээлерине жооп берүү үчүн тийиштүү мамлекеттик жана башка органдарга жиберилип, алар тарабынан жооптордун берилиши көзөмөлгө алынууда, -деп сөзүн жыйынтыктады Саякбай Субанов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: