Menu

Кубатбек Кожоналиев, генерал-майор: “Биз бийликтин узурпациясына каршы чыкканда, Текебаев президенттин бийлигин күчөтүүгө салым кошуп жүргөн”

Бөлүшүү:

Президент Атамбаев жана анын эзелтен берки саясаттагы үзөңгүлөш санаалашы Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы Башмыйзам ажырымы, андагы өзгөргөн чийки беренелер, бу жааттагы реформалар тууралуу дасыккан юрист, белгилүү генерал Кубатбек Азатович ой бөлүштү. 

– Кубатбек ага, азыркы Башмыйзамдын “атасы” аталган Өмүрбек Текебаев президентке каршы чыкты. Конституцияга байланышкан маалымат жыйынын көрдүк… Кезегинде бийликтин бир колго топтолгону үчүн Каршылык Көрсөтүү Кыймылын түзүп, президентке каршы чыкканыңарда, азыркы Текебаев баштаган саясатчылар сиздердин идеяны неге колдогон жок эле?

– 3 жыл мурда Өмүрбек Суваналиев, мен жана Бегалы Наргозуев үчөөбүз Каршылык Көрсөтүү Кыймылын түзүп, дал ушул азыркы учурда кызуу талкууланып жаткан бийликти узурпациялоо маселесине, т.а. анын өлкөдөгү бийлик тарабынан башталып жаткан бул аракеттерине өзүбүздүн акциялар менен көңүл бурганга аракет жасаганбыз. Ал убакта, Өмүрбек Текебаев өзүнүн айтымына караганда, президент бийлигин парламент (өздөрүн “революционер” атаган партиялар аркылуу) тарабынан күчөтүүгө бүт аракеттерин жумшаган: ошого керектүү мыйзамдарды кабыл алып, убактылуу өкмөттү президент жана анын тегерегинин макулдугу менен отставкага кетирүү менен алек болуп, “революционерлер” биригишип, оппозициячыл партиялардын Жогорку Кеңештеги фракцияларын “плазмага, молекулага” чейин чачыратуу процессине активдүү катышышкан. Мындай тез арада, президент айланасы менен узурпация тенденциясы күч алаарына, бизди колдомок тургай, угуп да коюшкан эмес. Ал убакта өздөрүн “революциялык” деп аташкан партиялар президенттин бийлигин күчөтүү менен алек болушуп, ал кийин президенттин тегерегине өтүп калышын алдын-ала көрүшкөн эмес. Эми түштөн кийин “көздөрү ачылып”, бири-бирин “сен Конституцияны саткансың”, “сен бийликти узурпациялагансың” дешип, айыптап жатышат.

– Референдумду өткөрүү боюнча президенттик аппараттан “ишаарат” кеткен соң, парламент депутаттары дароо колдоп бергенге шашылышты. Президент Атамбаев мындай парламент менен референдумду баары бир өткөрүп, максатына жетип аларын Өмүрбек Текебаев тар чөйрөдө ачык айтууда. Биздеги азганактай, анан калса, ишенимден кеткен оппозиция менен Өмүрбек Текебаевдин бийликке каршы айбат көрсөтүүсү Башмыйзамды өзгөрттүрбөгөнгө тоскоолдук деле кыла албайт да, туурабы?

– Азыркы учурда ММКда бул референдум демилгеси жашыруун түрдө даярдалып, болгон процедуралык, Кыргызстан кол коюп, ратификацияланган эл аралык келишимдердин талаптарын бузуп, жарыяланганын юристтер, депутаттар, коомдук ишмерлер, журналисттер байма-бай айтып жатышат. Биздеги коомчулукту эле эмес, эл аралык уюмдарды да тынчсыздануусун пайда кылды. Эми Текебаев шайлоо технологиясын “мыкты” билген адис катары бул референдум өтүп кетээр божомолун айтып жаткандыр, бирок, укук таануучу катары мен бир эле нерсени эсиңизге салып кетейин. Биз 1997-жылы ратификация кылган “Эл аралык келишимдер” тууралуу 1969-жылкы Вена Конвенциясына ылайык, “Кыргызстан өзү кол койгон эл аралык келишимдерди, биздин ички (ага Конституция да кирет) укук ченемдүү нормаларга каршы келет” деп аткарбоого жол бербейт. Башкача айтканда, Кыргызстандын аброюна да чоң залалы тийиши мүмкүн (кол коюп алып, анан баш тарткандарга эл аралык деңгээлде башкача мамиле жасашат, андай жолду тандасак, анда биринчи денонсация процедурасын өтүп, анан баш тартса болот), эл аралык соттордо да кимдир бирөө кайрылса утулушубуз талашсыз. Өкүнүчтүүсү, биздин өлкөнү “Кыргызстан – несостоявшееся государство” деп кыйкырып жүргөндөрдүн чырагына май тамызабыз да.

– Мамлекеттин негизги документи болгон азыркы Башмыйзамды жазып, колдоодо, аны 2020-жылга чейин өзгөртпөөгө бир кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн да салымы болгон. Азырынча, алардан бир Роза Отунбаевадан башкасы президент Атамбаевдин демилгесине каршы чыга албай жатышкандай. Мунун себебин эмнеден көрөсүз? Оттон-суудан кайра тартпаган Азимбек Бекназаровдун деле доошу угулбайт го?

– Маалымат каражаттарга жарыяланган маалыматтарга караганда, ошол убактагы баардык УӨ мүчөлөрү “2020-жылга чейин бул Конституцияны өзгөртбөйбүз” деп макулдашып, кол коюшкан. Мына ошол өзүлөрүнүн убадасын эл алдында жокко чыгаргандарга эмне демекчибиз? Аларга карата эмне сөз айтууга болсун? Ага коомчулук эле өзү баа берет чыгар…

– Дасыккан юрист катары айтыңызчы, сунушталып жаткан Башмыйзамдын кандай артыкчылыктары менен кемчиликтерин байкап жатасыз?

– Эң эле опурталдуусу – процедураларды бузуу жана өйдөдө айткандай, өзүбүз кол койгон эл аралык келишимдерди (өзгөчө 1969-жылкы Вена Конвенциясынын “Эл аралык келишимдер укугу жөнүндөгү” келишимди жана адам укуктары жөнүндөгү келишимдерди) жокко чыгаруу. Өзгөчө тынчсыздандырганы – адам укуктарын чектөө жана жокко чыгаруу. Бул ар бир жарандын кызыкчылыгы. Үчүнчүсү, сот көз карандысыздыгын жокко чыгаруу, бул да ар бир жарандын кызыкчылыгына кирет. Өзүмдүн бул референдум жөнүндөгү укуктук анализимди Фейсбук социалдык түйүнүндөгү баракчамда жарыялап, кызыккан коомдук ишмерлерге, адвокаттарга бергем.

– Укук коргоо органдарында буга чейин кездешпеген реформа болоорун өмүрү аскердик өтүк кийип көрбөгөн коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров кыйытууда. Куралдуу күчтөр менен укук коргоо органдарына жасалып жаткан Жумакадыров айткан “реформанын” келечеги кандай болот?

– Бул бийлик ишин баштаганда ММКлар аркылуу “күмүш сырга” катары мен эскерткен маселелердин бири – укук коргоо органдардын жана күч түзүмүнүн реформасы, ал жөнүндө интернет-сайттарга, гезиттерге өз көз карашымды айтып, ал тармакта реформалардын керектүүлүгүн негиздегем. Өз убагында бийликтегилер эч кимиси угуп да койгон эмес. Эски ыкма менен 6 жыл каалашынча күч түзүмдөрүн, укук коргоо органдарын жана сотторду пайдаланып келген. Эми өз убагында жасабаган, келе жаткан шайлоо алдында “ойгонуп”, реформа кылымыш болуп жатышат. “Элди ойлогон” бийлик “чымчыкты сойсо да, касапчы сойсун” дегендей тажрыйбалуу адистерди бул реформага тартпай, өз билгенин аракет кылып жатат. Жогорку Кеңештеги көп жыл иштеген бир адис кылмыш кодексинин долбоорун даярдап жатканда айткандай: “Буларга мыйзамдуу жолдорду түшүндүрүү кыйынга жатат!”, анткени, элементардык мыйзам чыгаруу техникасына чейин айтканга туура келет экен. Кыскача айтканда, жалаң гана министрликтер менен ведомстволорду өзгөртүү менен алек болбой, соттук процессиндеги стадияларындагы өзгөчүлүктөрдү комплекстүү түрдө эске алуу абзел. Ансыз кийин иштегендерге чечилбеген маселеге айланышы мүмкүн.

Калыгул Бейшекеев, “Азия news”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: