Menu

Садыр Жапаров эркиндикке чыкса, эл бийликти алкайт эле

Бөлүшүү:

Саясый куугунтуктун желаргысы менен Садыр Жапаров түрмөдө отуруп, атасы, апасы жана уулу Дастандан ажырады (кайрат кылыңыз, жаткан жерлери жайлуу болсун!). Кабырга сөгүлгөн мындай кайгыны бийлик карап отурбай, Садыр мырзага гумандуулук кылуу менен эркиндикке коё берсе туура болмок. Учурда ансыз деле жаза мөөнөтү теңинен ооп, жатак абагына чыгуу мезгили болуп калганын айтышууда. (Мыйзамдын миң түрлүү кыры бар экенин укук таануучулар жакшы билишет эмеспи.) Негизи Садыр Жапаровго эркиндик берилсе, эл дагы туура түшүнүп, бийликтин бедели да бекемделет болчу. Жамандык ар бир адамдын башында бар, бирок мындай жамандыкты Кудай бере көрбөсүн! Түпкүлүгүндө саясаттан да жогору турган адамгерчилик, кыйын күндө жөлөк болуу, кечиримдүүлүк, сабыр кылуу сыяктуу баалуу сапаттарды унутпасак, келечек муунубузга да үлгү жасайт белек?..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: