“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” Youtube социалдык тармагындагы расмий баракчасында 1-августта жарыяланган “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” гимнинин аудиоклипин 20-августка чейин 2534 адам көрүп, 50 киши “мага жакты” деген “лайк” баскан. Көргөндөрдүн бири да “жакпады” деп белгилеген эмес.
“Азаматсыздар, чоон рахмат! Кыргыздын атын дагы да чыгарыныздар, ийгилик!” деген сыяктуу бир нече ыраазычылык комментарийлер жазылган.
Гимндин аудиоклипин жазууга Ырыскелди Осмонкулов, Кайрат Примбердиев сыяктуу кыргыздын белгилүү эстрада ырчылары катышкан.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ