Кыргыздар «богооз» деп коюшат, ашына сөгүнгөн адамдарды. Анан да алардын оозуна шайтан ушатып кеткен деген кепти айтып калышат. Деги сөгүнгөндөн, анан сөгүү уккандан кудай сактасын. Бирок, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бул сөздөрүндү уруп ойнобойт экен. Дегеним, ишке киришээри менен эле 40-50 кызматкерге сөгүш берүү менен сес көргөздү. Музоо кезинде сүзүп алайын деген ишараты деп түшүнүп турубуз. Чынында анын «сөгүүсүнөн» бир тобу чочуп кетти, андайды көрбөгөн министрликтегилер. Айтор, күпүлдөп атат, көрөлүчү! Деги эмненин ичинен чыгат болду экен бул министрлик. Анткени буга чейинки министри чоң муштум деген атка ээ эмес беле. Эмкиси «сөгөнөөк» болсо, ансыз да араң жан жаткан айыл чарба түз эле тозок отунун керек-жарак коомуна кетет го.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ