Бүгүн, 24-сентябрда БШКнын отурумунда Араван районундагы массалык мушташ боюнча маалымат каралып, жыйынтыгында “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер Ильхом Маннанов жана “Биримдик” партиясынан талапкерлер Шукурулло Файзуллаевдер шайлоодон четтетилди.
Нуржан Шайлдабекова БШКнын мүчөлөрүнө бул маселе боюнча бир нече сунуш түшкөнүн, тактап айтканда, үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн эки партияга эскертүү берүү, ошондой эле талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө билдирди.
Жыйынтыгында депутаттык мандатка эки талапкерди каттоону жокко чыгаруу сунушун БШКнын 10 мүчөсү колдоду. Ал эми аталган партияларга эскертүү берүү боюнча маселе өтпөй калды.
Белгилей кетсек, Араван районунда үгүт учурунда мушташ болуп, ага 100гө жакын адам катышкан. Мушташтын натыйжасында райондун 12 тургуну жабыркаган. Мындан улам Араван РИИБнин жетекчиси кызматтан алынган жана окуядан кийин аймакка кошумча күч тартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ